Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الحِجر

الحِجر is chapter 15 of the Quran and has 99 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

99 Аяттар Сүрөнүн номери 15
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ وَقُرۡءَانٖ مُّبِينٖ

Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин - Анык Курандын аяттары.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ كَانُواْ مُسۡلِمِينَ

(Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.

Explanation & meanings · 1
  1. Мушрик-каапырлар Кыямат коогалаңы башталганда же болбосо, Кыяматта кайра тирилип, өздөрү жалганга чыгарган нерсенин чындык экенин көргөндө каапыр болгонуна кайгырышат жана эгер кайра өмүр берилчү болсо, сөзсүз мусулман болобуз дешет.

ذَرۡهُمۡ يَأۡكُلُواْ وَيَتَمَتَّعُواْ وَيُلۡهِهِمُ ٱلۡأَمَلُۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

(О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.

وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٞ مَّعۡلُومٞ

Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.

مَّا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ

Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.