عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
«Адам балдарынын баарынын жүрөгү Мээримдүү Аллахтын (Рахмандын) эки манжасынын ортосунда бир гана жүрөк сыяктуу турат. Ал аны каалагандай багыттайт (өзгөртөт)». Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, жүрөктөрдү багытоочу Аллахым! Биздин жүрөктөрүбүздү Өзүңө моюн сунуп, ибадат кылууга бур!» – деп дуба кылды.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
"Чындыгында, Куран ээсинин мисалы буту жип менен тушалган төөнүн ээси сыяктуу. Эгер ал аны карап байлап турса, кармап калат, а эгер бошотуп койсо качып кетет."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيآداب تلاوة القرآن الكريم
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияда курмандык малын союп, Мединага кайтып келе жатканда, сахабалар кайгыга жана капалыкка батып турган кезде Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. дегенден баштап, «чоң жеңиш», (Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар) - деген сөзүнө чейинки аяттар түшкөндө, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالتفسير، وصف القرآن وفضائله
"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذَمُّ الهوى والشَّهوات، العلاقة بين الرجل والمرأةموضوعات الحديثغض البصر
"Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالربا
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туткундарды алып келишти. Туткундардын арасынан эмчегинен сүтү агып, эмизип жүргөн бир аял, алардын арасынан бир баланы таап алып, аны кучагына кысып, эмизди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге: «Мына ушул аял баласын отко таштап жиберет деп ойлойсуңарбы?» – деп сурады. Биз: Жок, анын таштабоого кудурети жетип турганда эч качан таштабайт, – дедик. Ал: «Аллах пенделерине, бул аялдын өз баласына болгон мээриминен да мээримдүүрөөк» – деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الأسماء والصفات
Мушриктер бизге мындай деп айтышты: Чындыгында, мен силердин жолдошуңардын (Пайгамбарыңардын) силерге ал тургай даарат ушатууну да үйрөтүп жатканын көрүп турам.
Ошондо ал айтты: Ооба! Чындыгында, ал бизди оң колубуз менен тазалануудан (истинжа кылуудан) же даарат ушатканда кыбылага жүздөнүүдөн тыйды. Ошондой эле тезек жана сөөктөр менен (тазалануудан) кайтарып: «Силердин эч кимиңер үчтөн аз таш менен истинжа кылбасын», - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالاستنجاء وقضاء الحاجة
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон башка бардык абалда бизге Куранды окуп берчү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام القرآن والمصاحف، الغسل