"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
Усама бин Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
«مَا تَرَكْتُ بَعْدِي فِتْنَةً أَضَرَّ عَلَى الرِّجَالِ مِنَ النِّسَاءِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн кийин эркектерге аялдардын азгырыгынан өткөн зыяндуу сыноо болбостугун айткан. Эгер аял эркектин үй-бүлөсүнөн болсо, шариятка тескери иштерде аны ээрчип кетет. Эгер аял жат болсо, аларга аралашуу, жалгыз калуу менен натыйжасы бузук ишке алып барат.
...:
Мусулман адамга аялдардын фитнасынан сактануу зарыл, фитнага алып бара турган жолдордун баарын тосуу керек.
Ыймандуу адам фитнадан саламат болууда Аллахка таянуусу зарыл.
Сахих ал-Бухари (7/ 8) (5096).
Сахих Муслим (4/ 2097) (2740).
Дагы (3)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (373).
فتح الباري لابن حجر (9/ 138).