عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
"Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".
Сахих (ишенимдүү) Хааким жана Байхакий риваят кылган
التصنيف الشرعيالتوبة
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام النساء، ذم حب الدنيا، ذَمُّ الهوى والشَّهواتموضوعات الحديثالزهد وقِصَر الأمل، التقوى
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганга суу алып келдим. Анан аны кийим менен көрсөтпөй тосуп турдум. Ал оболу суу куюп колдорун жууду. Анан оң колу менен суу алып сол колуна куюп аврат жерлерин жууду. Анан колун жерге чаап, сүртүп, анан кайра жууду. Анан оозу, мурдун чайкады. Анан бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууду. Анан башына суу куюп, жалпы денесин жууду. Анан бир жагына жылып, буттарын жууду. Мен ага арчынганга кийим берсем аны алган жок. Колу менен денесиндеги сууну сыдырып, ары басты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصفة الغسلموضوعات الحديثأحكام الغسل
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأركان الوضوء، صفة الوضوءموضوعات الحديثأحكام الوضوء
«Рамазан айынан бир же эки күн мурун орозо кармабагыла! Ал эми кимдир бирөө адатта кармап жүргөн орозосу болсо, аны кармай берсин».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصيام يوم الشك
"Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الأنبياء والرسل السابقين عليهم السلام
Ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен кайсы бир сапарында чогуу болот. Ал айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар турагында эс алып жатканда аларга элчисин жиберип: "
Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، الشرك بالله وأقسامهمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында отурган элем. Бир киши: "Исламды кабыл алгандан кийин ажыларды суу менен камсыз кылуудан башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Экинчиси: "Исламды кабыл алгандан кийин "Харам мечитин" оңдоодон башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Дагы бирөөсү: "Аллах жолунда жихад кылуу - силер айткан нерселерден абзел", - деди.
Ошондо Умар аларды жекирип: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында үнүңөрдү көтөрбөгүлө. Анын үстүнө бүгүн жума күнү. Жума намазын окугандан кийин ага кирип, силер талашып жаткан нерселердин өкүмүн сурайм", - деди.
Ошондон кийин Аллах Таала: «Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге теңеп жатасыңарбы...» - деген аятты аягына чейин түшүрдү (Тообо, 19-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول