Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
"Аллах Таала кээ бир амалдарды парз кылган, аларды аткарбай койбогула! Чектерди койгон, андан ашып кетпегиле! Кээ бир нерселерди арам кылган, аларга кирип кетпегиле! Кээ бир нерселерде унутуп эмес, силерге ырайым кылып унчуккан эмес. Аларды изилдебегиле!"
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Дара Кутний өзүнүн Сунан китебинде жана башкалар риваят кылган
"Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт".
Хасан (жакшы) Ибн Маажа, ад-Даракутни жана башкалар муснад түрүндө риваят кылган
«Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Ад-Даракутни жазып калтырган.
"Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек".
Сахих (ишенимдүү) Ад-Даракутни жазып калтырган.