عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып:
Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضل الوضوء، فضل صلاة الجماعة وأحكامها، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام الوضوء، صلاة الجماعة
«Эгер момундарга – же: үммөтүмө – кыйынчылык жаратпаганымда, анда аларга ар бир намаздан алдын мисвак колдонууну буйрумакмын».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالشمائل المحمدية
"Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، ذم المعاصي، توحيد الأسماء والصفاتموضوعات الحديثالكبائر والمحرمات، الغيرة، تعظيم شعائر الله وحرماته، الإيمان بالله تعالى
"Кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, ага бул дүйнөдө жазасы эртелетилип берилсе, анда Аллах акыретте Өз пендесине жазаны кайталоодон алда канча адилеттүү. Ал эми кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, Аллах анын күнөөсүн жашырса жана аны кечирсе, анда Аллах Өзү кечирген нерсеге кайра кайтуудан Улук."
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحدود
«Рукия, тумарлар жана тивала ширк».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالرقية الشرعية وأحكامها، الشركموضوعات الحديثأهمية التوحيد، الشرك بالله وأقسامه، السحر
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، آداب تلاوة القرآن الكريم، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، صدقة التطوع، الإخلاص
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун): "Самиаллааху лиман хамидах" деп, анан саждага кетмейинче, бизден бирөө да белин ийчү эмес, саждага кеткенден кийин анан саждага жыгылчубуз".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام الإمام والمأموم
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү минбарга отурду, биз да анын айланасына отурдук. Ошондо ал: «Чынында, мен өзүмдөн кийин силерге дүнүйөнүн кооздугу жана зыйнаты ачылып берилишинен (жана ага азгырылууңардан) коркомун», – деди.
Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, жакшылык жамандык алып келеби?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калды. Тиги адамга: «Сага эмне болду? Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) сүйлөп жатасың, бирок ал сага жооп бербей жатат?» – дешти. Биз ага вахий түшүрүлүп жатканын байкадык.
Анан ал (жүзүндөгү) терди аарчыды да: «Суроо берүүчү кайда?» – деди. Ал анын (суроосун) мактагандай болду. Андан соң мындай деди: «Чынында, жакшылык жамандык алып келбейт. Бирок, жаз өстүрүп чыгарган өсүмдүктөрдүн ичинде (мал көп жеп алса) өлтүрө тургандары же өлүмгө жакындата тургандары бар. Ал эми жашыл чөптү (ченем менен) жеген мал андай эмес: ал чөптү жейт, эки капталы кампайганда, күндү карап туруп, тезегин таштап, заарасын ушатат да, кайра жайылып оттой берет.Чынында, бул мал-дүйнө жашыл (кызыктыруучу) жана таттуу нерсе. Бул мал-дүйнөдөн кембагалга, жетимге жана жолоочуга берген мусулман адам кандай жакшы дос! – же Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. – Ал эми ким аны акысы жок (адилетсиздик менен) алса, ал жеп бирок тойбогон сыяктуу болот жана кыямат күнү ал (байлыгы) ага каршы күбө болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا