Кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, ага бул дүйнөдө жазасы эртелетилип берилсе, анда Аллах акыретте Өз пендесине жазаны кайталоодон алда канча адилеттүү.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, ага бул дүйнөдө жазасы эртелетилип берилсе, анда Аллах акыретте Өз пендесине жазаны кайталоодон алда канча адилеттүү. Ал эми кимде-ким белгиленген жазага татыктуу күнөө кылып, Аллах анын күнөөсүн жашырса жана аны кечирсе, анда Аллах Өзү кечирген нерсеге кайра кайтуудан Улук."
«مَنْ أَصَابَ حَدًّا فَعُجِّلَ عُقُوبَتَهُ فِي الدُّنْيَا فَاللَّهُ أَعْدَلُ مِنْ أَنْ يُثَنِّيَ عَلَى عَبْدِهِ العُقُوبَةَ فِي الآخِرَةِ، وَمَنْ أَصَابَ حَدًّا فَسَتَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ وَعَفَا عَنْهُ فَاللَّهُ أَكْرَمُ مِنْ أَنْ يَعُودَ فِي شَيْءٍ قَدْ عَفَا عَنْهُ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип баяндаган: Кимде-ким зына жана уурулук сыяктуу шарият жазасын белгилеген күнөөлөрдүн бирин жасап, анан бул дүйнөдө жазасын алса жана ага жазасы берилсе, анда ошол жазасы андан ал күнөөнү өчүрөт жана акыреттеги жазасын алып салат. Анткени Аллах Өз пендесине эки жазаны бириктирүүдөн Улук жана Ырайымдуу. Ал эми Аллах бул дүйнөдө кимдин күнөөсүн жашырса, ал күнөөсү үчүн жазалабай, Аллах аны кечирген болсо, анда Аллах Таала Өзү кечирген күнөөсү үчүн кайра жазалоодон Улук жана Берешен.
Аллахтын адилеттүүлүгүнүн, берешендигинин жана ырайымынын улуктугу.
Бул дүйнөдө шарият белгилеген жазаны алуу – күнөөнүн кечирилишине себеп болот.
Шариятта жазасы белгиленген күнөөнү кылган адам Аллахтын жашыруусу менен күнөөсүн жашырып, чын ыкластуу тообо кылууга шашылуусу керек.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 312) (2626).
Сунан Ибн Маажа (3/ 627) (2604).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 312) (2626).
Сунан Ибн Маажа (3/ 627) (2604).
Дагы (6)
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (15/ 224).
التيسير بشرح الجامع الصغير (2/ 399).
فيض القدير (6/ 65).
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (15/ 224).
التيسير بشرح الجامع الصغير (2/ 399).
فيض القدير (6/ 65).