Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
"Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган, Бухари болсо акыркы сүйлөмүн гана жазып калтырган.
«Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр, кыйнабай өлтүргүлө. Мууздасаңар, кыйнабай мууздагыла. Мууздаган адам бычагын курчутуп алсын, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Көбү мас кылган нерсенин азы да арам."
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Мен Абу Талханын үйүндө адамдарга ичимдик куюп берип жаткан элем. Ал күнү алардын арагы курмадан жасалган фадих болчу. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жарчыга буйрук берип, ал: "Көңүл бургула! Чындыгында арак арам кылынды!" - деп жар салды. Анас айтат: Анан Абу Талха мага: "Сыртка чыгып, аны төгүп сал" - деди. Мен сыртка чыгып, аны төгүп салдым эле, ал Мединанын көчөлөрүндө акты. Ошондо айрымдар: "Адамдар ал (арак) курсактарында бар абалында (согушта) өлтүрүлдү го" - дешти эле, Аллах Таала: «Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок», - деген аятты түшүргөн (Маида сүрөөсү, 93-аят)."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Зул-Хулайфада элек. Адамдарды катуу ачкалык басып, анан алар төөлөрдү жана койлорду колго түшүрүштү. (Рофиъ) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элдин эң артында келе жаткан эле. Адамдар шашылыш түрдө (айбанаттарды) союп, казандарды асып жиберишти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйрук берип, казандар көңтөрүлүп төгүлдү. Андан соң ал (олжону) бөлүштүрүп, он койду бир төөгө теңеди. Алардын арасынан бир төө качып кетти. Адамдар аны кубалап чарчашты, анткени аларда аттар аз болчу. Анан бир киши аны жаа менен атты эле, Аллах аны токтотуп калды. Ошондо Пайгамбар: «Чындыгында, бул үй айбанаттарынын да жапайы айбандардыкындай жапайылыгы болот, алардын кайсы бири силерге баш бербей койсо, анда ага ушундай кылгыла». - деди. Рофиъ: Биз эртең душманга жолугууну күтүп жатабыз (же душмандан кооптонуп жатабыз), а биздин жаныбызда бычактарыбыз жок. Камыш менен соё берелиби? - деп сурады. (Пайгамбар): «Тиш менен тырмактан башка, канды агыза турган жана үстүнө Аллахтын аты аталган нерсе менен союлгандардын этин жей бергиле. Бул тууралуу силерге айтып берейин: тиш - бул сөөк, ал эми тырмак - хабаштардын (эфиопиялыктардын) бычагы» - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Азуу тиштүү жырткычтардын жана тырмактуу (жырткыч) канаттуулардын этин жегенден тыйган.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)