Көңүл бургула! Чындыгында арак арам кылынды!
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мен Абу Талханын үйүндө адамдарга ичимдик куюп берип жаткан элем. Ал күнү алардын арагы курмадан жасалган фадих болчу. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жарчыга буйрук берип, ал: "Көңүл бургула! Чындыгында арак арам кылынды!" - деп жар салды. Анас айтат: Анан Абу Талха мага: "Сыртка чыгып, аны төгүп сал" - деди. Мен сыртка чыгып, аны төгүп салдым эле, ал Мединанын көчөлөрүндө акты. Ошондо айрымдар: "Адамдар ал (арак) курсактарында бар абалында (согушта) өлтүрүлдү го" - дешти эле, Аллах Таала: «Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок», - деген аятты түшүргөн (Маида сүрөөсү, 93-аят)."
كُنْتُ سَاقِيَ القَوْمِ فِي مَنْزِلِ أَبِي طَلْحَةَ، وَكَانَ خَمْرُهُمْ يَوْمَئِذٍ الفَضِيخَ، فَأَمَرَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مُنَادِيًا يُنَادِي: أَلاَ إِنَّ الخَمْرَ قَدْ حُرِّمَتْ، قَالَ: فَقَالَ لِي أَبُو طَلْحَةَ: اخْرُجْ، فَأَهْرِقْهَا، فَخَرَجْتُ فَهَرَقْتُهَا، فَجَرَتْ فِي سِكَكِ المَدِينَةِ، فَقَالَ بَعْضُ القَوْمِ: قَدْ قُتِلَ قَوْمٌ وَهِيَ فِي بُطُونِهِمْ، فَأَنْزَلَ اللَّهُ: {لَيْسَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جُنَاحٌ فِيمَا طَعِمُوا} [المائدة: 93] الآيَةَ.
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) апасынын күйөөсү Абу Талханын (Аллах андан ыраазы болсун) үйүндөгүлөргө ичимдик куюп берип, кызмат кылып жатканын кабар берип. Ошол күнү алардын шарабы кургатылган жана быша элек курманын аралашмасынан жасалган «фадых» болчу. Бир кезде Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жарчысы: Көңүл бургула! Чындыгында, арак арам кылынды! - деп жар салып калды. Анан Абу Талха мага: Сыртка чык да, аны төгүп сал! - деди. Мен сыртка чыгып, аны төгүп салдым, ошондо арак Мадинанын көчөлөрүндө агып калды. Ошондо кээ бир адамдар: Арак арам кылына электе, ал курсактарында болгон абалда (согушта) өлгөн сахабалардын абалы эмне болот? - дешти. Ошондо Аллах Таала (бул аятты) түшүрдү. «Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок». (Маида сүрөөсү, 93-аят). Башкача айтканда: Ыйман келтиргендер мурда арак арам болгонго чейин андан даам татып, ичкен болсо, аларга күнөө жок.
Абу Талханын жана сахабалардын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыктары, анткени алар Аллахтын буйругуна тездик менен эч кандай суроосуз моюн сунушту, мына ушул чыныгы мусулманга ылайыктуу иш.
Хамр (арабча сөз): Ал бардык мас кылуучу нерселердин жалпы аталышы.
Фадих: Буср жана курмадан (сууга салынып) отко кайнатылбастан (ачытылып) жасалган ичимдик. Буср – бул курманын жумшарып быша электеги мөмөсү.
Ибн Хажар айтат: Мухаллаб мынтип айтты: Арак андан баш тартылганын жарыялоо жана ал ташталганын элге билдирүү максатында жолго төгүлгөн. Бул иштин пайдасы аракты жолго төгүүдөн келип чыга турган зыяндан чоңураак.
Аллахтын пенделерине болгон ырайымы жана өкүм түшүргөнгө чейин пенделери кылган иши үчүн аларды жоопко тартпоосу баян кылынган.
Аллах Таала аракты анын акылга жана мал-мүлккө зыянын тийгизе турган коркунучу болгону үчүн арам кылган жана анын айынан адам акылы кеткендиги үчүн көптөгөн күнөөлөрдү жасайт.
Сахих ал-Бухари (3/ 132) (2464).
Сахих Муслим (3/ 1570) (1980).
Дагы (3)
النهاية في غريب الحديث والأثر (709) (1006).
فتح الباري لابن حجر (1/ 133).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (4/ 267).