Skip to content

Сен ушундай бир сөз айттың, эгер ал деңиздин суусуна аралаштырылса, аны да бузуп жибермек.

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Мен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сизге Сафиянын ушундай-ушундай болгону жетиштүү" - дедим. -Хадисти жеткиргендердин бири: ал боюнун кыскалыгын назарда туткан - дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Сен ушундай бир сөз айттың, эгер ал деңиздин суусуна аралаштырылса, аны да бузуп жибермек» - деди. (Аиша энебиз) айтат: Мен ага бир адамды туурап көрсөттүм эле, ал: «Мага ушундай жана ушундай берилсе да, мен бир адамды туураганды жакшы көрбөймүн» - деди.

قُلْتُ لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: حَسْبُكَ مِنْ صَفِيَّةَ كَذَا وَكَذَا، -قَالَ أَحدُ الرُّوَاةِ: تَعْنِي قَصِيرَةً- فَقَالَ: «لَقَدْ قُلْتِ كَلِمَةً لَوْ مُزِجَتْ بِمَاءِ الْبَحْرِ لَمَزَجَتْهُ» قَالَتْ: وَحَكَيْتُ لَهُ إِنْسَانًا، فَقَالَ: «مَا أُحِبُّ أَنِّي حَكَيْتُ إِنْسَانًا وَأَنَّ لِي كَذَا وَكَذَا».

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты: "Сага Сафиянын - ал момундардын энесин (Аллах андан ыраазы болсун) назарда тутуп жаткан - денесиндеги кемчиликтеринен анын боюнун кыскалыгы эле жетиштүү". Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Сен ушундай бир сөз айттың, эгер ал деңиз суусуна аралаштырылса, ага үстөмдүк кылып, өзгөртүп жана бузуп жибермек» - деди. (Айша энебиз) айтат: Мен бир адамды кемсинтүү максатында анын аракетин туурадым эле. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгер мага бул үчүн дүйнөнүн көп нерсеси берилсе дагы, бирөөнүн кемчилигин айтуу, же аны туурап кемсинтүү максатында ал кылгандай кылуу же ал айткандай айтуу мага эч качан кубаныч тартуулабайт» - деди.

Хадистин пайдалары

Гыйбаттан эскертүү жана коркутуу.

Адамдарды кемсинтүү жана басынтуу максатында алардын келбетин, кыймыл-аракеттерин тууроо – арам кылынган гыйбат болуп эсептелет.

Денедеги айып-кемчиликтерди сыпаттоо гыйбат кылуунун бир бөлүгү.

Каазы Ияд мынтип айтат: "Аралаштыруу – бул ага башка нерсени кошуу менен өзгөртүү. Мунун мааниси: эгер бул гыйбат деңизге кошула турган нерсе болгондо, анын көптүгүнө жана молдугуна карабастан абалын өзгөртүп жиберсе. Анда кемчилик (же шек) аралашып калган аз гана амалдардын абалы кандай болот?"

Күңдөштөрдүн ортосунда боло турган кызганычтын кээ бир көрүнүштөрүн баяндоо.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туура эмес иш болгондо, ага макул болбоосу.

Алла Тааланын ыраазычылыгы жана Анын каарына калбоо менен салыштырганда, дүйнөнүн жана андагы болгон нерселердин кадыр-баркын төмөндөтүү.

Ислам дини – көркөм кулк-мүнөздөрдүн дини. Ал ар-намысты сөз же амал менен тебеленүүдөн сактоого буюруйт. Анткени бул мусулмандардын ортосунда кастыкты жана жек көрүүчүлүктү пайда кылат.

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 237) (4875).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 275) (2502).

Муснад Ахмад (41/ 433) (24964).

Сунан Абу Дауд (7/ 237) (4875).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 275) (2502).

Муснад Ахмад (41/ 433) (24964).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 25).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

للقاري (7/ 3046).

التيسير بشرح الجامع الصغير.

للمناوي (2/ 339).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (5/ 411).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 25).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

للقاري (7/ 3046).

التيسير بشرح الجامع الصغير.

للمناوي (2/ 339).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

للمناوي (5/ 411).