Skip to content

Кимде-ким бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекетти такай окуса, Аллах аны тозокко арам кылат.

التصنيف الشرعي
الفقهالصلاةالسنن الرواتب

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Умму Хабиба (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

«Кимде-ким бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекетти такай окуса, Аллах аны тозокко арам кылат».

«مَنْ حَافَظَ عَلَى أَرْبَعِ رَكَعَاتٍ قَبْلَ الظُّهْرِ وَأَرْبَعٍ بَعْدَهَا حَرَّمَهُ اللَّهُ عَلَى النَّارِ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким нафил (сүннөт) намаздардан бешим намазына чейин төрт рекет жана андан кийин төрт рекет окуп, аны таштабай, дайыма аткарып жүрсө, Аллах аны Тозок отуна арам кыла турганы тууралуу сүйүнчүлөгөн.

Хадистин пайдалары

Бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекет сүннөтү такай окуу мустахаб.

Алдыңкы раваатиб сүннөттөрүнүн — башкача айтканда, парздан алдыңкы сүннөттүн — даанышмандыктары бар, алардын бири: парз намазга кирүүдөн мурда намаз окуучунун жан дүйнөсүн ибадатка даярдоо. Ал эми парздан кийинкилеринин данышмандыктарынан болсо: парз намаздарында кетирилген кемчиликтердин ордун толтуруу.

Раваатиб сүннөттөрүнүн чоң пайдалары бар: сооптордун көбөйүүсү, күнөөлөрдүн өчүрүлүшү жана даражалардын көтөрүлүшү сыяктуу.

Ахлус-суннанын (мына ушул сыяктуу) убада камтыган хадистердеги эрежеси: бул хадистердин мааниси (адамдын) ушул дүйнөдөн Таухид (бир кудайлык) ишеними менен өтүшүнө карата түшүнүлөт. Ошондой эле, бул хадистен максат — Тозокто түбөлүк калбоо. Анткени Таухидди бекем кармангандардын ичинен күнөө кылгандар жазага татыктуу болушат, бирок алар жазаланса дагы Тозокто түбөлүк калышпайт

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 448) (1269).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 452) (428).

Сунан ан-Насааи (3/ 265) (1816).

Сунан Ибн Маажа (2/ 238) (1160).

Муснад Ахмад (44/ 358) (26772).

Сунан Абу Дауд (2/ 448) (1269).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 452) (428).

Сунан ан-Насааи (3/ 265) (1816).

Сунан Ибн Маажа (2/ 238) (1160).

Муснад Ахмад (44/ 358) (26772).

Дагы (8)

سبل السلام شرح بلوغ المرام.

لمحمد الصنعاني (1/ 336).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 381).

سبل السلام شرح بلوغ المرام.

لمحمد الصنعاني (1/ 336).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 381).