"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".
«صَلَاةٌ فِي مَسْجِدِي هَذَا خَيْرٌ مِنْ أَلْفِ صَلَاةٍ فِيمَا سِوَاهُ إِلَّا الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн мечитинде намаз окуунун пазилеттүүлүгүн түшүндүрүп, Меккедеги Харам мечитинен башка жер жүзүндөгү мечиттерде миң намаз окугандан да сооптуураак экенин баяндады. Меккедеги Харам мечитинде окулган намаз Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитинде окулган намаздан жакшыраак.
...:
Харам мечитинде жана Пайгамбардын мечитинде намаз окуунун сообу көп.
Харам мечитинде окулган намаз башка мечиттердеги жүз миң намаздан жакшыраак.
Сахих ал-Бухари (2/ 60) (1190).
Сахих Муслим (2/ 1012) (1394).
Дагы (2)
فتح الباري (3/67).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (24/ 684).
Китептерде келтирилген
4 Китептер- Куран жана сүннөттүн негизинде ажылык, умра жана зыяраттарга тиешелүү көптөгөн маселелердин иликтөөсү жана түшүндүрмөсү.التحقيق والإيضاح لكثير من مسائل الحج والعمرة والزيارة - النسخة المعتمدة"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак" [109].
- Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.فضائل وآداب المسجد النبوي، وأحكام زيارة قبر النبي عليه الصلاة والسلام وقبري صاحبيه"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак" [2].