Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
«مَنْ كَانَتْ لَهُ امْرَأَتَانِ فَمَالَ إِلَى إِحْدَاهُمَا، جَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَشِقُّهُ مَائِلٌ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимдин бирден ашык аялы болуп, аларды каржылоодо, турак-жайда, кийим-кечеде жана түнөөдө теңдикти сактабай, аялдарынын ортосунда колунан келишинче адилеттүү болбосо, анда анын кыямат күнүндөгү жазасы денесинин жарымы кыйшайган абалда болорун кабарлаган. Бул кыйшаюу – ал мамиле кылууда бир тарапка ооп кеткени сыяктуу эле, анын адилетсиздиги үчүн берилген жаза.
Эркек кишиге эки же андан көп аялдарынын ортосунда тең мамиле кылуусу — милдет. Ал эми өзүнүн кудурети жеткен нерселерде — камсыздоо, түнөө (убакыт бөлүү), жакшы мамиле кылуу жана ушул сыяктуу иштерде — аялдарынын бирине гана ооп, экинчисине адилетсиздик кылуусу — арам болуп саналат.
Адам өзү ээлик кылган нерселерди бөлүштүрүүдө жана ушул сыяктуу иштерде теңдик кылуусу керек. Ал эми сүйүү жана жүрөктүн берилүүсү сыяктуу ал ээлик кыла албаган нерселер хадиске кирбейт. Аллах Тааланын: "{Аялдардын ортосунда адилеттүүлүк кыла албайсыңар, канчалык аракет кылсаңар да}" [Ниса: 129] деген сөзүндө дал ушул маани максат кылынган.
Иш-аракеттин түрүнө жараша жаза болот. Ошондуктан эркек киши бул дүйнөдө бир аялынан экинчисине ооп кетсе, анда ал кыямат күнү денесинин бир тарабы кыйшайып келет.
Пенделердин акылары улуу жана анын кечирилбей тургандыгы: анткени, ал сараңдыкка жана өз акысын толук талап кылууга негизделген.
Эгер эркек аялдарынын ортосунда адилеттүү боло албай калуудан корксо, динде кемчилик кетирбөө үчүн бир аял менен чектелүү — мустахаб. Алла Таала айткан: {Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү (менен чектелгиле)} [Ниса: 3].
Сунан Абу Дауд (3/ 469) (2133).
Сунан ан-Насааи (7/ 63) (3942).
Сунан ат-Тирмизи (2/ 434) (1141).
Сунан Ибн Маажа (3/ 143) (1969).
Муснад Ахмад (13/ 320) (7936).
Дагы (9)
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (5/ 449).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (4/ 631).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (7/ 463).
عون المعبود شرح سنن أبي داود.
ومعه حاشية ابن القيم.
محمد أشرف العظيم آبادي (6/ 121).