«Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге теңеп жатасыңарбы...» («Тообо» сүрөсү, аяттын аягына чейин).
- التصنيف الشرعي
- القرآن الكريم وعلومهأسباب النزول
Нуъман бин Башир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында отурган элем. Бир киши: "Исламды кабыл алгандан кийин ажыларды суу менен камсыз кылуудан башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Экинчиси: "Исламды кабыл алгандан кийин "Харам мечитин" оңдоодон башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Дагы бирөөсү: "Аллах жолунда жихад кылуу - силер айткан нерселерден абзел", - деди. Ошондо Умар аларды жекирип: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында үнүңөрдү көтөрбөгүлө. Анын үстүнө бүгүн жума күнү. Жума намазын окугандан кийин ага кирип, силер талашып жаткан нерселердин өкүмүн сурайм", - деди. Ошондон кийин Аллах Таала: «Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге теңеп жатасыңарбы...» - деген аятты аягына чейин түшүрдү (Тообо, 19-аят).
كُنْتُ عِنْدَ مِنْبَرِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ رَجُلٌ: مَا أُبَالِي أَلَّا أَعْمَلَ عَمَلًا بَعْدَ الإِسْلَامِ إِلَّا أَنْ أُسْقِيَ الحَاجَّ، وَقَالَ آخَرُ: مَا أُبَالِي أَلَّا أَعْمَلَ عَمَلًا بَعْدَ الإِسْلَامِ إِلَّا أَنْ أَعْمُرَ المَسْجِدَ الحَرَامَ، وَقَالَ آخَرُ: الجِهَادُ فِي سَبِيلِ اللهِ أَفْضَلُ مِمَّا قُلْتُمْ، فَزَجَرَهُمْ عُمَرُ، وَقَالَ: لَا تَرْفَعُوا أَصْوَاتَكُمْ عِنْدَ مِنْبَرِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ يَوْمُ الجُمُعَةِ، وَلَكِنْ إِذَا صَلَّيْتُ الجُمُعَةَ دَخَلْتُ فَاسْتَفْتَيْتُهُ فِيمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ، فَأَنْزَلَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ: {أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ} [التوبة: 19] الآيَةَ إِلَى آخِرِهَا.
Нуъман бин Башир (ал экөөнөн Аллах ыраазы болсун) мындай деп эскерет: ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбаранан жанында отурганда, бир кишинин мындай деп айтканын укту: «Исламды кабыл алгандан кийин ажыларга суу берүүдөн башка эч бир амал кылбасам да, мага эч нерсе эмес». Дагы бирөө: "Исламды кабыл алгандан кийин "Харам Мечитин" оңдоодон башка эч бир амал кылбасам да кам санабайм", - деди. Ал эми башка бирөө: "Аллах жолундагы жихад экөөңөр айткан амалдардан абзел", - деп айтты. Ошондо Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) аларды Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбаранан жанында үндөрүн көтөрүүдөн тыйды. Бул окуя Жума күнүнүн таңында болгон эле. Ал: «Мен Жума намазын окугандан кийин ага кирип, силер талашып жаткан маселе боюнча Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм сурайм», – деди. Ошондо Улуу жана Кудуреттүү Аллах төмөнкү аятты түшүрдү: "Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге жана Аллах жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллахтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллах заалым коомду Туура Жолго баштабайт!" (Тообо сүрөсү, 19-аят).
Амалдардын сообу жана сыйы ар түрдүү болот.
Иш-амалдар адамдардын ижтихад-оюна жараша эмес, шариятта айтылуусуна жараша бири-биринен артыкча болот.
Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирүү шарты менен Аллах жолундагы жихаддын артыкчылыгы.
Имам Навави минтип айткан: "Мында жума күнү жана башка күндөрү мечиттерде үндү катуу чыгаруу макирөө экени айтылат. Адамдар намазга чогулган учурда, илим айтууда болобу же башкасында болобу, үндү көтөрүүгө болбойт. Анткени бул аларга, намаз окуп жаткандарга жана зикир кылуучуларга тоскоолдук жаратат".
Сахих Муслим (3/ 1499) (1879).
Сахих Муслим (3/ 1499) (1879).
Дагы (6)
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 720).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (32/ 395).
النهاية في غريب الحديث والأثر (ص 897).
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 720).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (32/ 395).
النهاية في غريب الحديث والأثر (ص 897).