Мен Айша энебизден: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнө киргенде эмне менен баштайт эле?" - деп сурадым. Ал: "Мисвак менен", - деди.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةسنن الفطرة والسواك
Шурайх бин Хани айтты:
Мен Айша энебизден: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнө киргенде эмне менен баштайт эле?" - деп сурадым. Ал: "Мисвак менен", - деди.
سَأَلْتُ عَائِشَةَ، قُلْتُ: بِأَيِّ شَيْءٍ كَانَ يَبْدَأُ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ بَيْتَهُ؟ قَالَتْ: بِالسِّوَاكِ.
Түнү же күндүзү кайсы убакта болбосун, үйүнө киргенде мисвак колдонуудан баштоо Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнөн болгон.
Мисвак колдонуу жалпысынан бардык убакта шариятка ылайыктуу сооптуу иш. Ал эми шарият үндөгөн убактарда аны колдонуу бекемделет. Мисалы: үйгө киргенде, намаз окуурда, даарат алганда, уйкудан турганда жана ооз жыттанган учурда.
Табииндер Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алуу үчүн, анын абалдары жана сүннөттөрү жөнүндө сурап билүүгө ынтызар болушкан баяндалды.
Илимди өз ээсинен жана аны жакшыраак билген адамдардан алуу керек, ошондуктан Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө киргендеги абалы жөнүндө суралган.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсүнө жакшы мамилеси, анткени ал үйгө киргенде оозун тазалачу.
Сахих Муслим (1/ 220) (253).
Сахих Муслим (1/ 220) (253).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 341).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 851).
المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.
النووي (3/ 144).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 341).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 851).
المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.
النووي (3/ 144).