Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артат.
- التصنيف الشرعي
- الفقهفقه المعاملاتالهبة والعطية
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артат».
«تَهَادَوا تَحَابُّوا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын экинчи мусулман бир тууганы менен белек алмашуусуна үндөп, белек сүйүүнүн жана жүрөктөрдү бириктирүүнүн себептеринен экендигин баян кылган.
Белек берүү жакшы. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буга буйруган.
Белек берүү сүйүүгө себеп болот.
Адам колунан келишинче өзү менен адамдардын ортосуна махабат, ынтымак-ырашкерлик алып келе турган бардык иштерди кылуусу керек: мейли ал белек берүү болсун, же жумшак мамиле кылуу болсун, же жылуу сөз айтуу болсун, же жарык маанай, каш-кабагы ачык болуу болсун.
Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (6/ 169).
Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (6/ 169).
Дагы (10)
الأدب المفرد للبخاري (ص:208) (594).
مسند أبي يعلى الموصلي (11/ 9) (6148).
فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام (4/ 319).
فيض القدير (3/ 271).
التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 457).
الأدب المفرد للبخاري (ص:208) (594).
مسند أبي يعلى الموصلي (11/ 9) (6148).
فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام (4/ 319).
فيض القدير (3/ 271).
التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 457).