Ким курмандык чалууга мал даярдаса, Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнү башталгандан тартып, курмандыгын чалганга чейин чачын да, тырмагын да албасын.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالحج والعمرةالأضحية
Ыймандуулардын энеси, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Умму Салама (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Ким курмандык чалууга мал даярдаса, Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнү башталгандан тартып, курмандыгын чалганга чейин чачын да, тырмагын да албасын».
«مَنْ كَانَ لَهُ ذِبْحٌ يَذْبَحُهُ فَإِذَا أُهِلَّ هِلَالُ ذِي الْحِجَّةِ، فَلَا يَأْخُذَنَّ مِنْ شَعْرِهِ، وَلَا مِنْ أَظْفَارِهِ شَيْئًا حَتَّى يُضَحِّيَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курмандык чалууну ниетине алган адамды Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнү башталгандан тартып, курмандыгын чалганга чейин башындагы чачынан, колтугунан, мурутунан же денесиндеги башка түктөрүнөн, ошондой эле кол-бутунун тырмактарынан эч нерсе албоого буйруган.
Он күн киргенден кийин курмандык чалууну ниет кылган адам жогоруда айтылган чектөөнү ошол ниетти кылган учурдан тартып, курмандыгын чалганга чейин сактайт.
Эгер биринчи күнү курмандык чалбаса, анда Ташрик күндөрүнүн кайсы бир күнүндө курмандыгын чалганга чейин бул чектөөнү сактап жүрө берет.
Сахих Муслим (3/ 1566) (1977).
Сахих Муслим (3/ 1566) (1977).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 199).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 450).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1165).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 199).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 450).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1165).