Skip to content

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда турганда бир адам: "Түнкү намаз жөнүндө эмне айтасыз?" - деп сурады. Ал: "Түнку намаз экиден-экиден ирекет окулат" - деди.

التصنيف الشرعي
الفقهالصلاةقيام الليل

Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан:

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда турганда, бир киши андан: Түнкү намаз жөнүндө эмне айтасыз? - деп сурады. Ал: "Түнкү намаз экиден-экиден ирекет окулат. Эгер таңга чукулдап калса, бир ирекет окуп, ошону менен намазын витр (так) кылып жыйынтыктайт" - деди. Ошондой эле ал: "Намазыңарды витр менен бүтүргүлө" деп айтты. Анткени пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуга буюрган.

سَأَلَ رَجُلٌ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ عَلَى المِنْبَرِ، مَا تَرَى فِي صَلاَةِ اللَّيْلِ، قَالَ: «مَثْنَى مَثْنَى، فَإِذَا خَشِيَ الصُّبْحَ صَلَّى وَاحِدَةً، فَأَوْتَرَتْ لَهُ مَا صَلَّى» وَإِنَّهُ كَانَ يَقُولُ: «اجْعَلُوا آخِرَ صَلاَتِكُمْ وِتْرًا» فَإِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَمَرَ بِهِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда кутпа айтып жатканда, бир киши: "О Аллахтын элчиси, мага түнкү намазды кантип окууну үйрөт?" - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ар бир эки ирекетти окуп салам бересиң. Ошентип отуруп таң атып калуусунан корксоң, акырында бир ирекет оку, ал сенин окуган намаздарыңды витир кылат" деди. Чынында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түнкү намаздын акырын витир кылууну осуят кылчу.

Хадистин пайдалары

Негизи түнкү намазда, витирден башка, ар бир эки ирекеттен кийин салам берүү.

Сөздүн чектелбей айтылгандыгынан улам түнкү намаз белгилүү бир сан менен чектелген эмес.

Ан-Навави минтип айткан: "Түнкү жана күндүзгү намаздар эки-эки ирекеттен окулат". Бул хадис эң абзелин баяндоого багытталган, ал – ар бир эки ирекеттен кийин салам берүү. Түнкү жана күндүзгү напил намаздардын баарында тең ар бир эки ирекеттен кийин салам берүү мустахаб.

Имам Навави минтип айткан: "Бул хадис витр намазын түнкү намаздардын эң акырында окуу сүннөт экендигин жана анын убактысы таң сүргөндө бүтөөрүн далилдейт. Бул биздин мазхабдагы эң белгилүү пикир жана аалымдардын көпчүлүгү ушул пикирди айтышкан".

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 102) (472).

Сахих Муслим (1/ 517) (751).

Сахих ал-Бухари (1/ 102) (472).

Сахих Муслим (1/ 517) (751).

Дагы (16)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.

لابن حجر(1/ 456).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 394).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 233).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص217).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.

لابن حجر(1/ 456).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 394).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 233).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص217).