Тамагыңарга чогулуп, ага Аллахтын ысымын атагыла, ошондо силер үчүн тамагыңар берекелүү болот.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابالآداب الشرعيةآداب الأكل والشرب
Вахший ибн Харб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Алар: "Оо, Аллахтын элчиси, биз жейбиз, бирок тойбойбуз" - дешти. Ал: «Балким, силер бөлүнүп тамактансаңар керек?» - деди. Алар: "Ооба" - дешти. Ал: «Тамагыңарга чогулуп, ага Аллахтын ысымын атагыла, ошондо силер үчүн тамагыңар берекелүү болот» - деди.
أَنَّهُمْ قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّا نَأْكُلُ وَلَا نَشْبَعُ، قَالَ: «فَلَعَلَّكُمْ تَأْكُلُونَ مُتَفَرِّقِينَ؟» قَالُوا: نَعَمْ. قَالَ: «فَاجْتَمِعُوا عَلَى طَعَامِكُمْ، وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهِ، يُبَارَكْ لَكُمْ فِيهِ».
Айрым сахабалар пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурап: Биз жейбиз, бирок тойбойбуз – деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: Балким, силер тамактанганда бөлүнүп, ар бириңер жалгыз-жалгыздан жеп жаткандырсыңар? Сахабалар: Ооба - дешет. Ал айтты: Чогулгула жана бөлүнбөстөн тамактангыла, тамактанаарда Аллахтын ысымын атап "Бисмиллах" деп айткыла, ошондо силер үчүн тамагыңар берекелүү болот жана курсагыңар тоёт.
Тамакка чогулуу жана тамактануудан алдын "Бисмиллах" деп айтуу – тамактын берекелүү болуусуна жана ал тамактан тоюуга себеп болот.
Бөлүнүүнүн баары – жамандык, ал эми биримдиктин баары – жакшылык.
Бирге тамактанууга жана "Бисмиллах" деп айтууга үндөө.
Ас-Синди айтты: Бирге чогулуу менен тамак-ашка береке түшөт, ал эми Аллах Тааланын атын эскерүү менен шайтан ал тамакка жетүүдөн тосулат.
Сунан Абу Дауд (5/ 588) (3764).
Сунан Ибн Маажа (4/ 418) (3286).
Муснад Ахмад (25/ 485) (16078).
Сунан Абу Дауд (5/ 588) (3764).
Сунан Ибн Маажа (4/ 418) (3286).
Муснад Ахмад (25/ 485) (16078).
Дагы (12)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 217).
نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 607).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 59).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 217).
نزهة المتقين بشرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 607).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 59).