Амалдардан күчүңөр жете турганын алгыла (аткаргыла). Аллахка ант! Силер тажамайынча, Аллах тажабайт.
- التصنيف الشرعي
- الدعوة والحسبةالدعوة إلى اللهحقوق الإنسان في الإسلام
Момундардын энеси, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Тувайт ибн Хабиб ибн Асад ибн Абдул-Уззанын кызы Хавла анын жанынан өтүп баратканда, анын жанында Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бар эле. Ошондо мен: "Бул – Тувайттын кызы Хавла, аны түнкүсүн уктабайт деп айтышат" - дедим. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Түнкүсүн уктабайт?! Амалдардан күчүңөр жете турганын алгыла (аткаргыла). Аллахка ант! Силер тажамайынча, Аллах тажабайт» - деди.
أَنَّ الْحَوْلَاءَ بِنْتَ تُوَيْتِ بْنِ حَبِيبِ بْنِ أَسَدِ بْنِ عَبْدِ الْعُزَّى مَرَّتْ بِهَا وَعِنْدَهَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقُلْتُ: هَذِهِ الْحَوْلَاءُ بِنْتُ تُوَيْتٍ، وَزَعَمُوا أَنَّهَا لَا تَنَامُ اللَّيْلَ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَنَامُ اللَّيْلَ! خُذُوا مِنَ الْعَمَلِ مَا تُطِيقُونَ، فَوَاللهِ لَا يَسْأَمُ اللهُ حَتَّى تَسْأَمُوا».
Момундардын энеси Айшанын (Аллах андан ыраазы болсун) жанында Хавла бинт Тувайт (Аллах андан ыраазы болсун) бар эле, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирип келген учурда, ал анын жанынан чыгып кетти. Ошондо Айша энебиз Пайгамбарга: Бул аял түндөсү уктабастан, түндү намаз окуп өткөрөт, - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын өзүнө-өзү кыйынчылык жаратканын жактырбай: Түнү бою уктабайт?! Жакшы иштерден такай аткарууга кудуретиңер жете турганын кылгыла. Аллахка ант! Алар чарчап амал кылууну таштап коймоюнча, Аллах Өзүнүн жакшы, моюн сунган пенделерине ибадаттары, жакшылыктары жана жакшы иштери үчүн сооп жана сыйлык берүүдөн тажабайт (сыйлыгын токтотпойт), - деди.
Ибадатты денеге оор келе тургандай көбөйтүү тажоого жана кайдыгерликке алып келип, натыйжада напси аны аткарбай таштап коёт.
Ибадатты аткарууда ортолукту кармануу - аны дайыма аткарууга жана анда бекем болууга себеп болот.
Дайыма кылынган аз амал үзүлүп калган көп амалдан жакшы.
Ан-Навави айтат: Аз болсо да амалды токтотпой улантуу аркылуу зикир кылуу, муракаба (Аллахтын күзөтүп турганын сезүү), ыклас жана Аллахка жүздөнүү менен баш ийүү улана берет. Машакаттуу көп амалдан айырмаланып, дайыма уланып турчу аз амал өсүп-көбөйүп, үзүлүп кылынган көп амалдан бир нече эсе ашып кетет.
Сахих ал-Бухари (1/ 17) (43).
Сахих Муслим (1/ 542) (785).
Сахих ал-Бухари (1/ 17) (43).
Сахих Муслим (1/ 542) (785).
Дагы (12)
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن رجب (1/ 164).
معجم اللغة العربية المعاصرة.
أحمد مختار(2/ 1020).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 212).
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن رجب (1/ 164).
معجم اللغة العربية المعاصرة.
أحمد مختار(2/ 1020).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 212).