Skip to content

Кайыптын ачкычтары бешөө

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Кайыптын ачкычтары (илими) бешөө: "Кыямат качан болушун бир гана Аллах билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн биле албайт. Чынында, Аллах (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар».

«مَفَاتِحُ الغَيْبِ خَمْسٌ، {إِنَّ اللَّهَ عِنْدَهُ عِلْمُ السَّاعَةِ وَيُنْزِلُ الغَيْثَ وَيَعْلَمُ مَا فِي الأَرْحَامِ وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ مَاذَا تَكْسِبُ غَدًا وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ بِأَيِّ أَرْضٍ تَمُوتُ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ}».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Кайып Аллахтын колунда, аны Андан башка эч ким билбейт. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайыптын ачкычы жана казыналары бешөө экенин кабар берген: Биринчиси: Кыяматтын качан болорун Аллах гана билет. Бул акырет илимдерине ишарат, анткени Кыямат күнү – алардын биринчиси. Эгер эң жакынынын илими жокко чыгарылса, андан кийинкисинин да илими жокко чыгарылат. Экинчиси: Жамгырдын качан жаашын жалгыз Аллах гана билет. Бул жогорку ааламдын иштерине болгон ишарат. Адатта анын жаашын билдирген себептери болгону менен, ал толук, анык жана так эмес болгондуктан, жамгыр өзгөчө бөлүнүп айтылды. Үчүнчүсү: Жатындын ичиндегилердин эркек же кыз, кара же ак, толук же кемтик, бактылуу же бактысыз болору жана башка ушул сыяктуулар (белгисиз). Жатындын өзгөчө белгиленип айтылышынын себеби, көпчүлүк аны адатта билишет. Ошого карабастан, анын чыныгы акыйкатын бирөөнүн билүүсү жокко чыгарылды, демек, андан башка нерселерди биле албастык биринчи кезекте айкын. Төртүнчүсү: Эртеңки күндө эмне болорун Аллах гана билет. Бул убакыттын түрлөрүнө жана анда боло турган окуяларга ишарат кылат. Чынында эң жакын убакыт болгондугу үчүн ал «эртең» деген сөз менен айтылган. Эгерде ал ушунчалык жакын болгонуна жана кандайдыр бир белги-жышаандарынын болушу мүмкүн экенине карабастан, анда эмне болору билинбесе, демек андан алыскы убакыттардын билинбестиги алда канча талашсыз. Бешинчиси: Эч бир жан кайсы жерде өлөрүн билбейт. Бул төмөнкү дүйнөнүн иштерине ишарат. Көпчүлүк адамдардын өз мекенинде өлүшү көнүмүш адат болгону менен, бирок бул анык нерсе эмес. Тескерисинче, ал өз мекенинде өлсө дагы, ал жерде ата-бабаларынын мүрзөсү болсо да, анын кайсы жерине көмүлөөрүн билбейт. «Чынында, бир гана Аллах (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар». Ал ачык жана жашыруун нерселерди, купуя жана катылган сырларды, ички ой-ниеттерди толугу менен камтыйт. Ошентип, бул аят кайыптын түрлөрүн өзүнө камтып, бардык бузук дооматтарды жокко чыгарат.

Хадистин пайдалары

Аллах гана билген кайыптын беш казынасынын баяны.

Ас-Синди минтип айткан: Анын "Кайыптын ачкычтары бешөө" деген сөзүндө: Бул беш нерсе "кайыптын ачкычтары" деп аталды; анткени ушул беш нерсе кимде болсо, кайыптын баары анда болот. Ошентип, алар кайыптын казыналарын ача турган нерселер сыяктуу болуп калды.

Ибн Хажар айтат: "Ибн Абу Жамра айткан: «Угуучуга маселени жакындатып түшүндүрүү үчүн "ачкычтар" деген сөз колдонулган. Анткени, сени менен кандайдыр бир нерсенин ортосуна тосмо коюлган болсо, ал сенден кайып (жашыруун) болот. Адатта аны таанып-билүүнүн жолу эшик аркылуу болот. Эгер эшик жабык болсо, ачкычка муктаждык жаралат. Эгерде кайыпты билүүгө жеткире турган нерсенин (ачкычтын) өзүнүн орду белгисиз болсо, анда кайыптын өзү кантип билинсин?!»

Ибн Абу Жамра айтты: Аларды бешөө кылуунун даанышман сыры – ааламдардын аларга камтылышына ишарат.

Аллах Таала Өзүнүн даанышмандыгынан улам элчилерге кээ бир кайып иштерин билдириши мүмкүн.

Жылдыз кароочулардын жана көзү ачыктардын кайып илимин билебиз деп айткан жалгандарын жокко чыгаруу. Ошондой эле кимде-ким Аллахка гана таандык болгон илимден бир нерсени билем деп айтса, анда ал Аллах Тааланы, Анын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана улук Куранды жалганга чыгарган болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 56) (4627).

Сахих ал-Бухари (6/ 56) (4627).

Дагы (2)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (7/ 118).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (7/ 118).