"Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун"
Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак, жашылчалар кошулган тамак салынган идишти алып келишти эле, андан жагымсыз жытты байкап, эмне кошулганын сурады. Алар анда сарымсак бар экенин айтышты. Ал аны ошол жердеги бир сахабасына бергиле деди. Кийин тиги сахабанын тамакты жебей отурганын көрүп: "Сен жей бергин. Мен сен байланышпаган бирөө менен байланышам" - деди. Имам Муслимдин Жабир бин Абдуллахтан риваят кылган хадисинде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бул жашылчаны, б.а. сарымсакты жесе..., башка риваятта: "Пияз, сарымсак же порейди жесе, биздин мечиттерибизге жолобосун. Анткени, адам баласы жийиркенген нерседен периштелер да жийиркенет".
«مَنْ أَكَلَ ثُومًا أَوْ بَصَلًا، فَلْيَعْتَزِلْنَا -أَوْ قَالَ: فَلْيَعْتَزِلْ- مَسْجِدَنَا، وَلْيَقْعُدْ فِي بَيْتِهِ»، وَأَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أُتِيَ بِقِدْرٍ فِيهِ خَضِرَاتٌ مِنْ بُقُولٍ، فَوَجَدَ لَهَا رِيحًا، فَسَأَلَ فَأُخْبِرَ بِمَا فِيهَا مِنَ البُقُولِ، فَقَالَ قَرِّبُوهَا إِلَى بَعْضِ أَصْحَابِهِ كَانَ مَعَهُ، فَلَمَّا رَآهُ كَرِهَ أَكْلَهَا، قَالَ: «كُلْ فَإِنِّي أُنَاجِي مَنْ لاَ تُنَاجِي». ولِمُسْلِمٍ عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ أَكَلَ مِنْ هَذِهِ الْبَقْلَةِ، الثُّومِ - وقَالَ مَرَّةً: مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلَا يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا، فَإِنَّ الْمَلَائِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ».
Жамаат намазга келген мусулман бир туугандарына зыян бербөөсү үчүн, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пияз же сарымсак жеген адамды мечитке келүүдөн тыйган. Бул тыюу пияз менен сарымсакты жештен эмес, жегенден кийин мечитке келүүдөн тыйган жеңил тыюу. Бул жашылчалар жегенге боло турган жашылчалар. Бир жолу пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жашылчалар салынган казанды алып келишкенде, андан жагымсыз жытты байкап жана ага анда сарымсак бар экенин айтышканда, аны өзү жебей, бир сахабасына бердирет. Ал сахаба да пайгамбарды ээрчип аны жебей отурганын көрүп: Сен жей бер. Мен аян-кабар алып келген периште менен байланышам - деген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) периштелер да адамдар сыяктуу жагымсыз жытка жийиркенерин айткан.
Пияз, сарымсак, порей жеген адамга мечитке келгенге тыюу салынган.
Бул тыюу буларга окшош жагымсыз жыты бар, намазга келген адамдарды жийиркенте турган бардык нерсеге тиешелүү. Мисалы, түтүн жана тамекинин жыты ж.б.у.с.
Тыюуга жыт себеп болууда. Эгер кайнатып бышырганда булардын жыты кетсе, анда аны жегенден кийин мечитке бара берсе болот. Бул учурда анын макирөөлүгү кетет.
Булардын макирөөлүгү мечитке жамаат намазга бара турган адамга гана тиешелүү. Намазга баруудан кутулуу үчүн атайлап жесе, анда арам болот.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сарымсак сыяктуу нерселерди жебегени, алар арам деген маани эмес, ал Жебирейил периште менен жолугуп турган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылган адам өкүмдүн даанышмандыгын (себебин) түшүнүп, тынчтануусу үчүн анын себебин кошо баяндап, өтө мыкты таалим берген.
Ал-Каази минтип айткан: Аалымдар бул өкүмдөгү намазга салыштырып мечиттен башка жакта окула турган айт, жаназа намаздарына жана башка эл чогула турган ибадаттарга, илим алуу, зикир кылуу отуруштарына жана үйлөнүү үлпөттөрүнө да жогорудагы өсүмдүктөрдү жеген адамдын келүүсү макирөө дешкен. Ал эми базар ж.б.у.с. эл чогула турган жерлер бул тыюуга кирбейт.
Аалымдар дагы: Хадистердин жалпы маанисине ылайык, сарымсак сыяктуу нерселерди жеген адам мечитте эч ким жок болсо да кирүүгө болбостугун айтышкан. Анткени, мечит периштелер кире турган жай.
Сахих ал-Бухари (1/ 170) (855).
Сахих Муслим (1/ 394) (564).
(1/ 395) (564).
Дагы (6)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص204).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (2/ 260).
تاج العروس من جواهر القاموس.
للزَّبيدي (5/ 332).
Китептерде келтирилген
8 КитептерДагы (7)
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنْ أَكَلَ مِنْ هَذِهِ الْبَقْلَةِ، الثُّومِ - وقَالَ مَرَّةً: مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلَا يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا، فَإِنَّ الْمَلَائِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ»[746].
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنْ أَكَلَ مِنْ هَذِهِ الْبَقْلَةِ، الثُّومِ - وقَالَ مَرَّةً: مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلَا يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا، فَإِنَّ الْمَلَائِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ»[746].
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلا يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا، فَإنَّ المَلائِكَةَ تَتأذَّىٰ ممَّا يَتَأَذَّىٰ مِنْهُ بَنُو آدَمَ».
- محرمات استهان بها كثير من الناسمن أكل البصل والثوم والكراث فلا يقربن مسجدنا؛ فإن الملائكة تتأذَّى مما يتأذَّى منه بنو آدم
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلاَ يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا؛ فَإِنَّ الْمَلاَئِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ»
- موسوعة الإيمان«مَنْ أَكَلَ مِنْ هَذِهِ الْبَقْلَةِ، الثُّومِ -وقَالَ مَرَّةً: مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ- فَلَا يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا؛ فَإِنَّ الْمَلَائِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ».
- نبراس طالب (2)نبراس طالب (2) «مَنْ أَكَلَ الْبَصَلَ وَالثُّومَ وَالْكُرَّاثَ فَلاَ يَقْرَبَنَّ مَسْجِدَنَا؛ فَإِنَّ الْمَلاَئِكَةَ تَتَأَذَّى مِمَّا يَتَأَذَّى مِنْهُ بَنُو آدَمَ»