Силердин бириңердин арканын алып, жонуна бир боо отун көтөрүп келип, аны сатканы жана ошол себептүү Аллах анын жүзүн сактап калганы – адамдар ага берсе да, бербесе да, алардан суранганынан ал үчүн жакшыраак.
- التصنيف الشرعي
- الفقهفقه المعاملاتالبيوع
Зубайр ибн Аль-Аввам (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Силердин бириңердин арканын алып, жонуна бир боо отун көтөрүп келип, аны сатканы жана ошол себептүү Аллах анын жүзүн сактап калганы – адамдар ага берсе да, бербесе да, алардан суранганынан ал үчүн жакшыраак».
«لَأَنْ يَأْخُذَ أَحَدُكُمْ حَبْلَهُ، فَيَأْتِيَ بِحُزْمَةِ الحَطَبِ عَلَى ظَهْرِهِ، فَيَبِيعَهَا، فَيَكُفَّ اللَّهُ بِهَا وَجْهَهُ خَيْرٌ لَهُ مِنْ أَنْ يَسْأَلَ النَّاسَ أَعْطَوْهُ أَوْ مَنَعُوهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүнү түшүндүргөн: адам баласынын кандай гана жумуш болбосун иштегени, атүгүл колуна жип алып, аркасына отун жыйнап келип сатып, андан оокат кылганы же садака бергени, ошону менен адамдарга көз каранды болбой, өз намысын тилемчиликтин кордугунан сактап калганы — адамдардан суранганынан ал үчүн алда канча жакшыраак. Алар ага берсе да, бербесе да баары бир. Анткени адамдардан сурануу — бул кордук, ал эми момун кадыр-барктуу, кор эмес.
Сурануудан (тилемчиликтен) сактанууга жана андан арылууга үндөө.
Адам элдин көз карашында жөнөкөй жана барксыз кесипти аркалаган болсо да, ырыскы табуу үчүн жумуш кылууга үндөө.
Ислам тилемчиликке жана бекерчиликке каршы күрөшөт. Ошондуктан, ал жумуш канчалык оор болсо да — мисалы, отун жыйноо сыяктуу — аракет кылууну жана эмгектенүүнү милдеттендирген.
Иштөөгө жана ырыскы табууга кудурети болуп туруп, кайыр суроо адал эмес.
Муктаждык болгондо башчыдан суранууга уруксат, Аллах Азза ва Жалла мындай деген: {Жана, өздөрүнө (согуш үчүн) улоо таап берүүңдү сурап сага келишкенде, сен аларга: “Cилерге мингизгидей улоо менде жок” дегениңде, (жихадка) пайдалана турган эч нерсе таппай калганына өксүп, көз жашын көлдөтүп кайтып кеткен адамдарга да күнөө болбойт} [Тообо: 92].
Ким суранууга мажбур болуп, ырыскы табууга жана отун терүүгө алсыз болсо, анда ага суранууга уруксат берилет, бирок адамдардын жанын койбой сурай бербеши керек. Аллах мындай деген: {Алар адамдардан жабышып, өжөрлөнүп сурашпайт} [Бакара: 273].
Ан-Нававий минтип айткан: Хадисте садака берүүгө, өз кол эмгеги менен тапканды жегенге жана мубах жолдор менен киреше табууга үндөө бар.
Сахих ал-Бухари (2/ 123) (1471).
Сахих ал-Бухари (2/ 123) (1471).
Дагы (12)
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (1/ 597).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 469).
الأدب النبوي.
لمحمد الشاذلي (ص33).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (1/ 597).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 469).
الأدب النبوي.
لمحمد الشاذلي (ص33).