Skip to content

Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң алгач уйкудагы туура түштөн башталган.

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң биринчи уйкудагы туура түштөн башталган. Ал кандай гана түш көрбөсүн, ал таңдын атышындай даана болуп келчү. Андан кийин ага жалгыздык сүйдүрүлдү. Ал Хира үңкүрүндө жалгыз калып, үй-бүлөсүнө кайтканга чейин бир нече түндөрдү ибадат кылып өткөрчү жана ал үчүн өзү менен азык алып алчу. Анан Хадичага кайтып келип, дагы ошончо убакытка азык камдап кетчү. Ошентип, ал Хира үңкүрүндө жүргөндө ага акыйкат (аян-кабар) келди. Ага периште келип: «Оку!» – деди. Ал: «Мен окуганды билбейм» – деди. Аллахтын элчиси айтат: «Ал мени кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени экинчи жолу кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен дагы: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени үчүнчү жолу кармап кысып, анан коё берип: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!» – деди. [Алак сүрөсү,1-3-аяттар]. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүрөгү титиреп корккон абалда Хувайлиддин кызы Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кайтып келип: «Мени ороп койгула, мени ороп койгула!» – деди. Анын коркуусу тараганча ороп коюшту. Анан Хадичага болгон окуяны айтып берип: «Мен өзүмө бир нерсе болуп кетеби деп корктум» – деди. Хадича: «Жок! Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт. Анткени, сен туугандык байланышты бекемдейсиң, алсыздын жүгүн көтөрөсүң, бей-бечараларга жардам бересиң, коногуңду сыйлайсың жана акыйкат жолундагы кыйынчылыктарга жардам бересиң» – деди. Анан Хадича Пайгамбарыбызды алып, агасынын уулу Варака ибн Науфал ибн Асад ибн Абдул-Уззага барды. Варака жахилият доорунда христиан динин тутунган, иврит (еврей) жазуусун билген адам эле. Ал Инжилден Аллахтын каалаганынча ивритче жазчу. Ал көзү көрбөй калган, карыган адам болчу. Хадича ага: Эй, агамдын уулу, бир тууганыңыздын уулунун айтканына кулак салыңыз - деди. Варака ага: Эй, бир тууганымдын уулу эмне көрдүң? - деди. Аллахтын элчиси ага көргөн нерселерин айтып берди. Варака Пайгамбарыбызга: Бул Аллах Мусага түшүргөн Наамус (периште) турбайбы! Аттиң, мен ал кезде жаш болсом кана! Коомуң сени кууп чыгарган кезде тирүү болсом кана! - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Алар мени кууп чыгышабы? - деп сурады. Варака: Ооба, сен алып келген нерсени алып келген ар бир адам сөзсүз душмандыкка дуушар болгон. Эгерде сенин ал күнүңө жетсем, сага күчтүү жардам беремин - деди. Бирок көп өтпөй Варака кайтыш болду жана аян-кабардын келүүсү бир аз убакытка токтоп калды."

أَوَّلُ مَا بُدِئَ بِهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنَ الوَحْيِ الرُّؤْيَا الصَّالِحَةُ فِي النَّوْمِ، فَكَانَ لاَ يَرَى رُؤْيَا إِلَّا جَاءَتْ مِثْلَ فَلَقِ الصُّبْحِ، ثُمَّ حُبِّبَ إِلَيْهِ الخَلاَءُ، وَكَانَ يَخْلُو بِغَارِ حِرَاءٍ فَيَتَحَنَّثُ فِيهِ -وَهُوَ التَّعَبُّدُ- اللَّيَالِيَ ذَوَاتِ العَدَدِ قَبْلَ أَنْ يَنْزِعَ إِلَى أَهْلِهِ، وَيَتَزَوَّدُ لِذَلِكَ، ثُمَّ يَرْجِعُ إِلَى خَدِيجَةَ فَيَتَزَوَّدُ لِمِثْلِهَا، حَتَّى جَاءَهُ الحَقُّ وَهُوَ فِي غَارِ حِرَاءٍ، فَجَاءَهُ المَلَكُ فَقَالَ: اقْرَأْ، قَالَ: «مَا أَنَا بِقَارِئٍ» قَالَ: «فَأَخَذَنِي فَغَطَّنِي حَتَّى بَلَغَ مِنِّي الجَهْدَ ثُمَّ أَرْسَلَنِي، فَقَالَ: اقْرَأْ، قُلْتُ: مَا أَنَا بِقَارِئٍ، فَأَخَذَنِي فَغَطَّنِي الثَّانِيَةَ حَتَّى بَلَغَ مِنِّي الجَهْدَ ثُمَّ أَرْسَلَنِي، فَقَالَ: اقْرَأْ، فَقُلْتُ: مَا أَنَا بِقَارِئٍ، فَأَخَذَنِي فَغَطَّنِي الثَّالِثَةَ ثُمَّ أَرْسَلَنِي، فَقَالَ: {اقْرَأْ بِاسْمِ رَبِّكَ الَّذِي خَلَقَ خَلَقَ الإِنْسَانَ مِنْ عَلَقٍ اقْرَأْ وَرَبُّكَ الأَكْرَمُ}»، [العلق:1-3] فَرَجَعَ بِهَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَرْجُفُ فُؤَادُهُ، فَدَخَلَ عَلَى خَدِيجَةَ بِنْتِ خُوَيْلِدٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا، فَقَالَ: «زَمِّلُونِي، زَمِّلُونِي» فَزَمَّلُوهُ حَتَّى ذَهَبَ عَنْهُ الرَّوْعُ، فَقَالَ لِخَدِيجَةَ وَأَخْبَرَهَا الخَبَرَ: «لَقَدْ خَشِيتُ عَلَى نَفْسِي» فَقَالَتْ خَدِيجَةُ: كَلَّا وَاللَّهِ مَا يُخْزِيكَ اللَّهُ أَبَدًا، إِنَّكَ لَتَصِلُ الرَّحِمَ، وَتَحْمِلُ الكَلَّ، وَتَكْسِبُ المَعْدُومَ، وَتَقْرِي الضَّيْفَ، وَتُعِينُ عَلَى نَوَائِبِ الحَقِّ، فَانْطَلَقَتْ بِهِ خَدِيجَةُ حَتَّى أَتَتْ بِهِ وَرَقَةَ بْنَ نَوْفَلِ بْنِ أَسَدِ بْنِ عَبْدِ العُزَّى، ابْنَ عَمِّ خَدِيجَةَ، وَكَانَ امْرَأً تَنَصَّرَ فِي الجَاهِلِيَّةِ، وَكَانَ يَكْتُبُ الكِتَابَ العِبْرَانِيَّ، فَيَكْتُبُ مِنَ الإِنْجِيلِ بِالعِبْرَانِيَّةِ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكْتُبَ، وَكَانَ شَيْخًا كَبِيرًا قَدْ عَمِيَ، فَقَالَتْ لَهُ خَدِيجَةُ: يَا ابْنَ عَمِّ، اسْمَعْ مِنَ ابْنِ أَخِيكَ، فَقَالَ لَهُ وَرَقَةُ: يَا ابْنَ أَخِي، مَاذَا تَرَى؟ فَأَخْبَرَهُ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ خَبَرَ مَا رَأَى، فَقَالَ لَهُ وَرَقَةُ: هَذَا النَّامُوسُ الَّذِي نَزَّلَ اللَّهُ عَلَى مُوسَى، يَا لَيْتَنِي فِيهَا جَذَعًا، لَيْتَنِي أَكُونُ حَيًّا إِذْ يُخْرِجُكَ قَوْمُكَ، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَوَ مُخْرِجِيَّ هُمْ؟»، قَالَ: نَعَمْ، لَمْ يَأْتِ رَجُلٌ قَطُّ بِمِثْلِ مَا جِئْتَ بِهِ إِلَّا عُودِيَ، وَإِنْ يُدْرِكْنِي يَوْمُكَ أَنْصُرْكَ نَصْرًا مُؤَزَّرًا. ثُمَّ لَمْ يَنْشَبْ وَرَقَةُ أَنْ تُوُفِّيَ، وَفَتَرَ الوَحْيُ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң алгач уйкусундагы чынчыл түш менен башталган. Ал кандай гана түш көрбөсүн, ал таңдын жарыгындай ачык-айкын келчү. Андан соң ага жалгыз калуу сүйдүрүлдү. Ал Хира үңкүрүндө жалгыз калып, үй-бүлөсүнө кайтканга чейин бир нече түндөр бою ал жерде ибадат кылчу жана бул үчүн жанына азык алып алчу. Андан кийин момундардын энеси Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кайтып келип, дагы ошончо түнгө жетерлик азык камдап кетчү. Акыры, ал Хира үңкүрүндө болгон кезде ага Акыйкат келди. Ага Жебреил периште (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) келип: "Оку", - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мен окууну билбейм", - деди. Ал айтты: "Анан ал мени кармап, абдан кыйналганымча бооруна катуу кысты. Андан кийин мени коё берип: "Оку", - деди. Мен: "Мен окууну билбейм", - дедим. Ал мени экинчи жолу кармап, абдан кыйналганымча бооруна катуу кысты. Андан кийин мени коё берип: "Оку", - деди. Мен: "Мен окууну билбейм", - дедим. Ал мени үчүнчү жолу кармап, бооруна катуу кысты. Андан кийин мени коё берип, мындай деди: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!» – деди. [Алак сүрөсү,1-3-аяттар]. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аяттар менен өлүмдөн корккон абалда жүрөгү титиреп кайтып келип, аялы, момундардын энеси Хувайлиддин кызы Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кирип, мындай деди: Мени кийимге орогула, мени кийимге орогула. Алар андан коркунуч кеткенге чейин аны кийимге орошту. Анан ал Хадичага окуяны айтып берип, мындай деди: Мен өз жаным үчүн өлүмдөн корктум. Ошондо Хадича айтты: Жок, Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт. Чындыгында сен туугандык байланышты бекемдейсиң, өз алдынча иш алып бара албаган алсыздын жүгүн көтөрөсүң, колунда жок кедейге каралашасың; адамдарга алар башкалардан таба албаган нерсени бересиң, конокту сыйлайсың жана акыйкат жолундагы кыйынчылыктарга жардам бересиң. Хадича аны агасынын уулу Варака ибн Науфал ибн Асад ибн Абдул Уззага алып барды. Ал жахилиятты таштап, христиан динин тутунган адам эле. Ал Инжилден иврит тилинде Аллах каалаганча жазчу. Ал көзү көрбөй калган карыя болчу. Хадича ага: Эй агамдын уулу, бир тууганыңыздын уулун угуңуз. Варака ага: Эй бир тууганымдын уулу, эмнени көрүп жатасың? - деп айтты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага көргөн нерсесин айтып берди. Ошондо Варака ага: Бул Аллах Муса пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жиберген Жебирейил периште турбайбы. Аттиң десе, жаш курагым болсо кана. Аттиң десе, элиң сени кууган учурда тирүү болсом кана - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Алар мени кууп чыгышабы?! - деп сурады. Ал: Ооба, сен алып келген нерсе менен келген эч бир адам зыян чегип, душмандыкка дуушар болбой койгон эмес. Эгер сенин ошол күнүң мага жетсе, мен сага күчтүү жардам беремин» - деп айтты. Андан көп өтпөй Варака кайтыш болду жана аян-кабар келүүсү бир канча убакытка кечикти.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келген аян-кабардын башталышын баяндоо.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшү – вахийдин түрлөрүнүн бири.

Азык алуу шарияттын талабы жана ал тобокел кылууга каршы келбейт, анткени аны тобокел кылуучулардын мырзасы (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да алган.

Аллах Тааланын берешендигинин толуктугу ушунда: Ал пенделерине алар билбеген нерселерди үйрөттү жана аларды наадандыктын караңгылыгынан илимдин нуруна алып чыкты.

Жазуу илиминин артыкчылыгы; анда санак жеткис улуу пайдалар болгондугу үчүн. Анткени ал аркылуу илимдер жазылып, даанышмандык байланып, мурункулардын кабарлары такталып, Аллахтын түшүрүлгөн китептери сакталып, дин жана бул дүйнө иштери жөнгө салынды.

Курандан биринчи түшкөн аят: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку!» [Алак сүрөсү,1-аят].

Асыл адеп-ахлак жана жакшы сапаттар жаман өлүмдөн жана ар кандай балээлерден аман калууга себеп болот. Кимдин жакшылыгы көп болсо, анын акыбети жакшы болот жана ал үчүн дининин жана дүйнөсүнүн амандыгы үмүт кылынат.

Адамды өз көзүнчө мактоо жайыз. Эгер анда пайда болсо.

Коркунучка кабылган адамды тынчтандыруу, ага сүйүнчүлөө жана ага саламат болуунун себептерин айтуу зарыл.

Хадичанын (Аллах андан ыраазы болсун) толуктугуна, пикиринин салмактуулугуна, эркинин күчтүүлүгүнө жана түшүнүгүнүн улуктугуна эң чоң далил жана эң айкын жүйө – анын Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сыпаттоодо асыл сапаттардын бардык түрлөрүнүн негиздерин жана булактарын камтыгандыгы. Анткени жакшылык кылуу – же туугандарга, же бөтөндөргө, же дене менен, же мал-мүлк менен, же өз ишин өзү алып бара алгандарга, же башкаларга карата болот. Ошондой эле, ал кеңири баяндоого ылайыктуу жагдайда сөзүн кенен айткан.

Кимдин башына бир иш түшсө, насаатына жана пикиринин тууралыгына ишенген адамга ал жөнүндө билдирүүсү мустахаб.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 7) (3).

Сахих Муслим (1/ 139) (160).

Дагы (3)

النهاية في غريب الحديث و الأثر (673) (175) (349) (402) (383) (811) (942) (143).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 61).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (4/ 403).