Skip to content

Кийимдериңердин агын кийгиле, анткени ал кийимдериңердин эң жакшысы, жана маркумдарыңарды ага кепиндегиле.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

"Кийимдериңердин агын кийгиле! Анткени ал кийимдериңердин эң жакшысы жана маркумдарыңарды да ага кепиндегиле."

«البَسُوا مِنْ ثِيَابِكُمُ البَيَاضَ، فَإِنَّهَا مِنْ خَيْرِ ثِيَابِكُمْ، وَكَفِّنُوا فِيهَا مَوْتَاكُمْ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектерди ак түстөгү кийимдерди кийүүгө жана маркумдарды ага кепиндөөгө чакырды. Анткени ал кийимдердин эң жакшысы.

Хадистин пайдалары

Ак кийим кийүү мустахаб жана башка түстөгүлөрүн кийүүгө да уруксат.

Маркумдарды ак кепин менен кепиндөө мустахаб амалдардан.

Имам Шавкани мынтип айткан: "Бул хадис ак кийим кийүү жана өлүктөрдү аны менен кепиндөө шариятта уруксат экендигине далаалат кылат. Анткени ал башкаларга караганда тазараак жана жакшыраак. Анын жакшыраак экендиги айкын, ал эми тазараак экендиги болсо, ага тийген эң кичинекей нерсе да көрүнүп турат, ошондуктан ал абзел."

Булактар

Сунан Абу Дауд (6/ 27) (3878).

Сунан ат-Тирмизи (2/ 311) (994).

Сунан Ибн Маажа (2/ 453) (1472).

Сунан Абу Дауд (6/ 27) (3878).

Сунан ат-Тирмизи (2/ 311) (994).

Сунан Ибн Маажа (2/ 453) (1472).

Дагы (2)

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (19/ 16).

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (19/ 16).