Бизден бир сөздү угуп, аны кандай укса, ошондой жеткирген адамдын жүзүн Аллах Таала жарык кылсын. Анткени кээде бир адамга хадис жетсе, ал аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт.
Абдуллах ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
«Бизден бир сөздү угуп, аны кандай укса, ошондой жеткирген адамдын жүзүн Аллах Таала жарык кылсын. Анткени кээде бир адамга хадис жетсе, ал аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт».
«نَضَّرَ اللَّهُ امْرَأً سَمِعَ مِنَّا شَيْئًا فَبَلَّغَهُ كَمَا سَمِعَ، فَرُبَّ مُبَلِّغٍ أَوْعَى مِنْ سَامِعٍ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын хадисин угуп, аны башкаларга жеткиргенге чейин жаттап сактаган адамдын бул дүйнөдө жүзү жарык, кубанычтуу жана көркөм болушун, ал эми акыретте Аллах аны бейиштин жарыктыгына, жыргалчылыгына жана кооздугуна жеткиришин тилеп дуба кылган. Анткени хадис жеткирилген адам аны жеткирген адамга караганда көбүрөөк аңдап-түшүнүүчү, тереңирээк билүүчү жана өкүм чыгарууга жөндөмдүүрөөк болушу мүмкүн. Ошентип, биринчиси жаттоону жана жеткирүүнү мыкты өздөштүрсө, экинчиси түшүнүүнү жана өкүм чыгарууну мыкты өздөштүрөт.
Пайгамбардын сүннөтүн жаттоого жана аны адамдарга жеткирүүгө үндөө.
Хадис аалымдарынын артыкчылыгын жана аны үйрөнүүнүн улуктугун баяндоо.
Терең аңдап-түшүнүү жана (булактардан) өкүм чыгаруу жөндөмүнө ээ болгон аалымдардын артыкчылыгы.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерин угуп, аларды бизге (бүткүл үмөткө) аман-эсен жеткирген сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) улуу орду жана артыкчылыгы».
Имам Мунави мындай деген: «Муну айтуу менен ал хадис риваят кылуучу үчүн фикх (терең түшүнүү) шарт эмес экенин, анын бирден-бир шарты — жаттоо гана экенин түшүндүргөн. Ал эми факихтин милдети — ошол хадисти терең түшүнүү жана ага ой жүгүртүү».
Ибн Уяйна мындай деген: «Хадис үйрөнгөн ар бир адамдын жүзүндө ушул хадистин берекесинен сөзсүз бир нур болот».
Мухаддистердин (хадис аалымдарынын) пикиринде сактоо (жаттоо) эки түргө бөлүнөт: көкүрөктө (эс-тутумда) сактоо жана жазууда (китепте) сактоо. Хадистеги дуба ушул эки түрдү тең өз ичине камтыйт.
Адамдардын түшүнүгү ар башка болот. Кээде хадис угуучу аны жеткирген адамга караганда жакшыраак түшүнөт. Ошондой эле, кээде илимди алып жүргөн адамдын өзү факих (терең түшүнүүчү) эмес болушу мүмкүн.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 394) (2657).
Сунан Ибн Маажа (1/ 157) (232).
Муснад Ахмад (7/ 221) (4157).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 394) (2657).
Сунан Ибн Маажа (1/ 157) (232).
Муснад Ахмад (7/ 221) (4157).
Дагы (20)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 476).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 446).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
لعبدالرؤوف المناوي (3/ 206).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 496).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 956).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 476).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 446).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
لعبدالرؤوف المناوي (3/ 206).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 496).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 956).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (3)
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“نضر الله امرأ سمع منا شيئا فبلغه كما سمعه، فرب مبلغ أوعى من سامع”.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 6«نَضَّرَ اللهُ امرأً سمعَ منَّا شيئاً فَبَلَّغَهُ كَمَا سمعَهُ، فرُبَّ مُبلَّغٍ أوْعَىٰ مِن سامِعٍ».
- نبراس طالب (5)1«نَضَّرَ اللهُ امْرَأً سَمِعَ مِنَّا حَدِيثًا فَبَلَّغَهُ»