Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар эң биринчи уйкудагы туура түштөн башталган. Ал кандай гана түш көрбөсүн, ал таңдын атышындай даана болуп келчү. Андан кийин ага жалгыздык сүйдүрүлдү. Ал Хира үңкүрүндө жалгыз калып, үй-бүлөсүнө кайтканга чейин бир нече түндөрдү ибадат кылып өткөрчү жана ал үчүн өзү менен азык алып алчу. Анан Хадичага кайтып келип, дагы ошончо убакытка азык камдап кетчү. Ошентип, ал Хира үңкүрүндө жүргөндө ага акыйкат (аян-кабар) келди. Ага периште келип: «Оку!» – деди. Ал: «Мен окуганды билбейм» – деди. Аллахтын элчиси айтат: «Ал мени кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени экинчи жолу кармап, катуу кыскандыгынан алым кетти. Анан коё берип: «Оку!» – деди. Мен дагы: «Окуганды билбейм» – дедим. Ал мени үчүнчү жолу кармап кысып, анан коё берип: «Жараткан Раббиңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!» – деди. [Алак сүрөсү,1-3-аяттар]. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүрөгү титиреп корккон абалда Хувайлиддин кызы Хадичага (Аллах андан ыраазы болсун) кайтып келип: «Мени ороп койгула, мени ороп койгула!» – деди. Анын коркуусу тараганча ороп коюшту. Анан Хадичага болгон окуяны айтып берип: «Мен өзүмө бир нерсе болуп кетеби деп корктум» – деди. Хадича: «Жок! Аллахка ант болсун, Аллах сени эч качан кор кылбайт. Анткени, сен туугандык байланышты бекемдейсиң, алсыздын жүгүн көтөрөсүң, бей-бечараларга жардам бересиң, коногуңду сыйлайсың жана акыйкат жолундагы кыйынчылыктарга жардам бересиң» – деди. Анан Хадича Пайгамбарыбызды алып, агасынын уулу Варака ибн Науфал ибн Асад ибн Абдул-Уззага барды. Варака жахилият доорунда христиан динин тутунган, иврит (еврей) жазуусун билген адам эле. Ал Инжилден Аллахтын каалаганынча ивритче жазчу. Ал көзү көрбөй калган, карыган адам болчу. Хадича ага: Эй, агамдын уулу, бир тууганыңыздын уулунун айтканына кулак салыңыз - деди. Варака ага: Эй, бир тууганымдын уулу эмне көрдүң? - деди. Аллахтын элчиси ага көргөн нерселерин айтып берди. Варака Пайгамбарыбызга: Бул Аллах Мусага түшүргөн Наамус (периште) турбайбы! Аттиң, мен ал кезде жаш болсом кана! Коомуң сени кууп чыгарган кезде тирүү болсом кана! - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Алар мени кууп чыгышабы? - деп сурады. Варака: Ооба, сен алып келген нерсени алып келген ар бир адам сөзсүз душмандыкка дуушар болгон. Эгерде сенин ал күнүңө жетсем, сага күчтүү жардам беремин - деди. Бирок көп өтпөй Варака кайтыш болду жана аян-кабардын келүүсү бир аз убакытка токтоп калды."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)