Skip to content

"Ким туура жолго чакырса, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Ким туура жолго чакырса, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт . Ал эми ким адашууга чакырса, аны ээрчип адашкандардын күнөөсүндөй күнөөгө батат, мындан тигилердин күнөөсү да кемибейт".

«مَنْ دَعَا إِلَى هُدًى كَانَ لَهُ مِنَ الْأَجْرِ مِثْلُ أُجُورِ مَنْ تَبِعَهُ، لَا يَنْقُصُ ذَلِكَ مِنْ أُجُورِهِمْ شَيْئًا، وَمَنْ دَعَا إِلَى ضَلَالَةٍ كَانَ عَلَيْهِ مِنَ الْإِثْمِ مِثْلُ آثَامِ مَنْ تَبِعَهُ، لَا يَنْقُصُ ذَلِكَ مِنْ آثَامِهِمْ شَيْئًا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ким адамдарды туура жолго колу менен болобу, тили менен болобу багыт берип үндөсө, же кызыктырса, аны ээрчиген адамдар ала тургандай соопко ээ болорун, мындан ал көрсөткөн жолго түшкөндөрдүн сообу кемибестигин баяндап айткан. Ал эми ким адамдарды колу менен же тили менен, күнөөгө же адал эмес иштерге алып бара турган туура эмес жаман жолго багыт берип, жол көрсөтсө, аны ээрчиген адамдар ала тургандай күнөөгө ээ болот. Мындан ал көрсөткөн жолго түшүп алгандардын күнөөсү да кемибейт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Азбы, көппү, жол көрсөтүп туура жолго үндөөнүн артыкчылыгы. Кайсы бир ишке жол көрсөтүүчү ошол ишти иш жүзүндө аткарган адамдай эле сооп алат. Бул Аллахтын пазилетинин улуулугу жана берешендигинин толуктугунун белгиси.

Азбы, көппү, адаштыра турган жолго үндөөнүн корунучтуулугу. Анткени, мындай жолго чакырган адам, ошол ишти кылган адамдын күнөөсүндөй эле күнөөкөр болот.

Жаза - иштин жынысына жараша болот. Ким жакшы ишке үндөсө, аны аткарган адамдын сообундай сооп алат. Ал эми ким жаман ишке үндөсө, аны аткарган адамдын күнөөсүндөй күнөөгө батат.

Мусулман адам башкалардын көзүнчө күнөө кылып, анан аны бирөө туурап алуусунан этият кылуусу керек. Анткени, аны туураган адамды ал күнөөгө үндөбөсө деле, анын себебинен күнөөкөр болуп калат.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2060) (2674).

Дагы (10)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 262).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص141).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 360).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (3/ 554).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (1/ 199).