Skip to content

"(Башкарууну) иштерин аял кишиге тапшырган коом эч качан ийгиликке жетпейт".

Абу Бакра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

«Өз иштерин (башкарууну) аялга тапшырган коом эч качан ийгиликке жетпейт».

«لَنْ يُفْلِحَ قَوْمٌ وَلَّوْا أَمْرَهُمُ امْرَأَةً».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казылык, жалпы башкаруу же министрлик сыяктуу иштерин (башкарууну) аялга тапшырып, бийлик берген коом көздөгөн максатына эч качан жетпей тургандыгын баяндаган.

Хадистин пайдалары

Аялдар эмирлик (эл башкаруу), адамдар арасында казылык кылуу жана ушул сыяктуу жалпы башкаруу кызматтарын аркалай алышпайт. Ал эми вакфты көзөмөлдөө, жетимдерге баш көз болуу, мектепти башкаруу жана ушул сыяктуу жеке иштерди аркалоосуна уруксат берилет.

Бул жерде аял кишинин алсыздыгы, анын жалпы башкаруучулук иштерде эркектер менен бирдей катыша албастыгы жана мындай кызматтарды аркалоосу ийгиликсиздикке себеп болору баяндалат.

Аллах аялды жаратып, ага эркектин табиятынан айырмаланган табият берди. Ошондуктан, анын өзгөчө табиятына байланыштуу аялдын аткаруусуна ылайык келбеген иштер бар. Ошондой эле анын өзгөчө табиятына байланыштуу эркектин да аткаруусуна ылайык келбеген иштер бар.

Жокко чыгарылган ийгилик: бул шарият тилиндеги «фалаах», ал – бул дүйнөдө жана акыреттеги жакшылыкка жетүү. Бийликтин гүлдөп-өнүгүүсү коомдун Аллахтын ыраазылыгында болушун шарттабайт. Ким Аллахка моюн сунбаса, анын дүйнөлүк иштери сыртынан эң жакшы абалда көрүнсө да, ал ийгиликке жетүүчүлөрдөн эмес.

Бул хадисте аял кишини кемсинтүү жок, тескерисинче, бул анын жөндөмдүүлүктөрүн өзүнө ылайыктуу туура нукка багыттоо болуп саналат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 8) (4425).

Сахих ал-Бухари (6/ 8) (4425).

Дагы (26)

عمدة القاري شرح صحيح البخاري.

لبدر الدين العيني (14/ 210).

أعلام الحديث (شرح صحيح البخاري) لأبي سليمان الخطابي (3/ 1787).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 183).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 268).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (3/ 441).

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى.

للولوي (1/ 82).

كشف المشكل من حديث الصحيحين.

لابن الجوزي (2/ 16).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري.

لبدر الدين العيني (14/ 210).

أعلام الحديث (شرح صحيح البخاري) لأبي سليمان الخطابي (3/ 1787).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 183).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (2/ 268).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (3/ 441).

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى.

للولوي (1/ 82).

كشف المشكل من حديث الصحيحين.

لابن الجوزي (2/ 16).