Skip to content
الإنسَان /

Аят 28

76 : 28
الإنسَان Аяттар 31
76 : 28

نَّحۡنُ خَلَقۡنَٰهُمۡ وَشَدَدۡنَآ أَسۡرَهُمۡۖ وَإِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَآ أَمۡثَٰلَهُمۡ تَبۡدِيلًا

Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!

Explanation & meanings · 2
  1. Каапырларды да Аллах жараткан. Алар деле Адам-Атанын урпактары. Аллах таала аларга өмүр тартуулады. Бакубат жашоого себеп боло турган акыл-эс менен күч-кубаттан да кем кылбады. Бирок, алар Аллах берген акыл-эс менен күч-кудуретти кайра Аллах тааланын жолуна каршы иштетишти. Бул жеткен кыянатчылык эле.
  2. Тарых бою Аллах таала кыянатчыл коомдордон канчасын кыйратты... Алар мекендеген жайлар башка коомдорго мурас калды. Бирок, каапырлар тарыхтан үлгү албай келе жатышат.