Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

المُنَافِقُونَ

المُنَافِقُونَ is chapter 63 of the Quran and has 11 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

11 Аяттар Сүрөнүн номери 63
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا جَآءَكَ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ قَالُواْ نَشۡهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُۥ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَكَٰذِبُونَ

(Оо, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллахтын элчисисиң» дешет. Аллах билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллах мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет.

Explanation & meanings · 1
  1. Мединадагы кээ бир бай адамдар эми гана бийлик тизгинин колуна алмак болуп турганда пайгамбарыбыз хижрат кылып келип калат жана жалпы эл аны ээрчип калат. Ызырынып калган жанагылар ичинде «ит өлүп» исламды жана пайгамбарды жек көрүп турушса да, сыртынан пайгамбарыбызга ыйман келтиришээрин бат-бат кайталап, кээде ант ичип да турушкан.

ٱتَّخَذُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ جُنَّةٗ فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Алар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллахтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман!

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ فَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَفۡقَهُونَ

Мунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты.

۞ وَإِذَا رَأَيۡتَهُمۡ تُعۡجِبُكَ أَجۡسَامُهُمۡۖ وَإِن يَقُولُواْ تَسۡمَعۡ لِقَوۡلِهِمۡۖ كَأَنَّهُمۡ خُشُبٞ مُّسَنَّدَةٞۖ يَحۡسَبُونَ كُلَّ صَيۡحَةٍ عَلَيۡهِمۡۚ هُمُ ٱلۡعَدُوُّ فَٱحۡذَرۡهُمۡۚ قَٰتَلَهُمُ ٱللَّهُۖ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ

Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар – душмандар, абайла алардан! Аллах кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат!

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ يَسۡتَغۡفِرۡ لَكُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ لَوَّوۡاْ رُءُوسَهُمۡ وَرَأَيۡتَهُمۡ يَصُدُّونَ وَهُم مُّسۡتَكۡبِرُونَ

Аларга «(тооба кылып) келгиле, Аллахтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллахдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң.