Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الجُمعَة

الجُمعَة is chapter 62 of the Quran and has 11 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

11 Аяттар Сүрөнүн номери 62
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡمَلِكِ ٱلۡقُدُّوسِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ

Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман!

هُوَ ٱلَّذِي بَعَثَ فِي ٱلۡأُمِّيِّـۧنَ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُزَكِّيهِمۡ وَيُعَلِّمُهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَإِن كَانُواْ مِن قَبۡلُ لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Ал уммий адамдар арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.

Explanation & meanings · 1
  1. Арабдар энени "Уммун" дешет. "Уммий" дегендин мааниси "энеден туулган бойдон окуу-жазууну билбей чоңойгон" дегенди түшүндүрөт.

وَءَاخَرِينَ مِنۡهُمۡ لَمَّا يَلۡحَقُواْ بِهِمۡۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Жана (Аллах ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге да жиберди. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул элдер сахабалардан кийин келип, алардын дин кербенине кошула турган мусулмандар же болбосо, тээ кыяматка чейин ислам үммөтүнө кошула турган арабдан башка элдер.

ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ

Бул Аллахтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллах улуу пазилет Ээси!

Explanation & meanings · 1
  1. Уммий арабдар арасынан Мухаммад саллалоху алайхи ва саллам пайгамбарчылык пазилети менен келгенде яхудилер "Аллах пайгамбарды уммийлердин арасынан тандамак беле? Тандаса, мына биздин арабыздан тандайт. Себеби, бизде илим - Ыйык Китеп бар" дешип ыйман келтирбей коюшкан. Бирок, дал ошол Тооратта акыркы пайгамбар арабдардын арасынан келиши жөнүндө ыйык кабар айтылган эле.

مَثَلُ ٱلَّذِينَ حُمِّلُواْ ٱلتَّوۡرَىٰةَ ثُمَّ لَمۡ يَحۡمِلُوهَا كَمَثَلِ ٱلۡحِمَارِ يَحۡمِلُ أَسۡفَارَۢاۚ بِئۡسَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!