Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

صٓ

صٓ is chapter 38 of the Quran and has 88 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

88 Аяттар Сүрөнүн номери 38
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

صٓۚ وَٱلۡقُرۡءَانِ ذِي ٱلذِّكۡرِ

Сод. Даңазалуу Куранга ант:

Explanation & meanings · 2
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
  2. Курани Карим даңазалуу, туура жолго, Акыйкатка, Адилетке баштаган Китеп. Ким аны ээрчисе эки дүйнөдө бактылуу, даңазалуу болот.

بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي عِزَّةٖ وَشِقَاقٖ

Бирок, каапырлар (Куранга каршы) текеберликте жана душманчылыкта.

كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّن قَرۡنٖ فَنَادَواْ وَّلَاتَ حِينَ مَنَاصٖ

Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу.

وَعَجِبُوٓاْ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٞ مِّنۡهُمۡۖ وَقَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا سَٰحِرٞ كَذَّابٌ

Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы!

أَجَعَلَ ٱلۡأٓلِهَةَ إِلَٰهٗا وَٰحِدًاۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٌ عُجَابٞ

Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти.

Explanation & meanings · 1
  1. Анан каапырлардын чоңдору чогулуп, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына барышып «Эмне кааласаң берели, «жалгыз кудайга сыйынуу керек» дебечи деп келишим түзмөкчү болушканда пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам андай келишимден баш тартат.