38 : 29
كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ إِلَيۡكَ مُبَٰرَكٞ لِّيَدَّبَّرُوٓاْ ءَايَٰتِهِۦ وَلِيَتَذَكَّرَ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Биз сага бул берекеттүү (Куран) Китепти анын аяттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк.
Explanation & meanings · 1
- Демек, кимде-ким Куранды түшүнүп, акыл жүгүртүп, андан бир пайдалуу насаат үйрөнөйүн, жашоомо колдоноюн деп окуса, андан көп жакшылыктар, терең илим, туура жол, шыпаа, нур, адилет өкүм жана башка ушул сыяктуу көп берекелерди табат.