Чынында фитналар болот. Билип койгула, андан кийин ушундай бир фитна болот, анда олтурган адам баскан адамдан жакшыраак, ал эми баскан адам ага чуркаган адамдан жакшы болот.
Усман аш-Шаххам айтат: Мен жана Фаркад ас-Сабахи Муслим ибн Абу Бакрага бардык, ал өзүнүн жеринде эле. Биз ага кирип: Атаңдын фитналар тууралуу бир хадис айтканын уктуң беле? - дедик. Ал: Ооба, Абу Бакранын (Аллах андан ыраазы болсун) хадис айтып жатканын уктум. Ал айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
«Чынында фитналар болот. Билип койгула, анан ушундай бир фитна болот, анда олтурган адам баскан адамдан жакшы, ал эми баскан адам ага чуркаган адамдан жакшы болот. Билип койгула, эгер ал келсе же башталса, кимдин төөсү болсо төөсүнө кетсин, кимдин койу болсо коюна кетсин, кимдин жери болсо жерине кетсин». Ошондо бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, төөсү, койу жана жери жок адам эмне кылуусу керек? деп сурады. Пайгамбар: «Кылычын алып, анын мизин таш менен чаап мокотсун, андан соң эгер кутулууга мүмкүнчүлүгү болсо, кутулуп кетсин. Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби?» деп жооп берди. Анан дагы бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, эгер мени күчкө салып, эки саптын же эки топтун бирине алып барышса, анан бирөө мени кылычы менен чапса же бир жебе келип мени өлтүрсөчү? - деп сурады. Пайгамбар: «Анда ал өзүнүн да, сенин да күнөөңдү мойнуна алат жана тозок ээлеринен болот» - деп жооп берди.
«إِنَّهَا سَتَكُونُ فِتَنٌ، أَلَا ثُمَّ تَكُونُ فِتْنَةٌ الْقَاعِدُ فِيهَا خَيْرٌ مِنَ الْمَاشِي فِيهَا، وَالْمَاشِي فِيهَا خَيْرٌ مِنَ السَّاعِي إِلَيْهَا، أَلَا فَإِذَا نَزَلَتْ أَوْ وَقَعَتْ فَمَنْ كَانَ لَهُ إِبِلٌ فَلْيَلْحَقْ بِإِبِلِهِ، وَمَنْ كَانَتْ لَهُ غَنَمٌ فَلْيَلْحَقْ بِغَنَمِهِ، وَمَنْ كَانَتْ لَهُ أَرْضٌ فَلْيَلْحَقْ بِأَرْضِهِ»، قَالَ فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ أَرَأَيْتَ مَنْ لَمْ يَكُنْ لَهُ إِبِلٌ وَلَا غَنَمٌ وَلَا أَرْضٌ؟ قَالَ: «يَعْمِدُ إِلَى سَيْفِهِ فَيَدُقُّ عَلَى حَدِّهِ بِحَجَرٍ، ثُمَّ لِيَنْجُ إِنِ اسْتَطَاعَ النَّجَاءَ، اللهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ؟ اللهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ؟ اللهُمَّ هَلْ بَلَّغْتُ؟»، قَالَ: فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ أَرَأَيْتَ إِنْ أُكْرِهْتُ حَتَّى يُنْطَلَقَ بِي إِلَى أَحَدِ الصَّفَّيْنِ، أَوْ إِحْدَى الْفِئَتَيْنِ، فَضَرَبَنِي رَجُلٌ بِسَيْفِهِ، أَوْ يَجِيءُ سَهْمٌ فَيَقْتُلُنِي؟ قَالَ: «يَبُوءُ بِإِثْمِهِ وَإِثْمِكَ، وَيَكُونُ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ».
Усман аш-Шаххам жана Фаркад ас-Сабахи улуу сахаба Абу Бакранын (Аллах андан ыраазы болсун) баласы Муслимден: ал атасынан мусулмандардын арасында боло турган азгырыктар жана согуштар тууралуу Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис укканбы деп сурашты. Ал мындай деп жооп берди: "Ооба. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал каза болгондон кийин азгырыктар болоорун кабарлады. Бул азгырыктарда андан бейкапар олтурган адам, ага умтулбай жана аны издебей басып жүргөн адамдан жакшыраак. Ал эми анда басып жүргөн адам, ага шашып барган, аны издеген жана ага катышкан адамдан жакшыраак." Андан соң Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз заманында жана жашаган жеринде фитна түшүп же башталса, эгер ал баш калкалай турган жай тапса, ошол жерге баш калкалоого жол көрсөткөн: кимдин жайылып жүргөн төөсү болсо, төөсүнө кетсин, кимдин жайылып жүргөн койу болсо, койуна кетсин, кимдин жери жана эгини болсо, жерине кетсин. Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, баш калкалаар төөсү да, койу да, жери да жок болсочу?» - деп сурады. Пайгамбар: «Куралын алып, аны талкалап жараксыз кылсын, андан соң эгер кутула алса, өзүнүн жана баласынын жанын сактап качып кутулсун» – деди. Анан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч жолу күбө кылып мындай деди: «Оо, Аллахым, жеткирдимби? Оо, Аллахым, жеткирдимби? Оо, Аллахым, жеткирдимби?». Бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, эгер мен эки саптын бирине, же эки тайпанын бирине кошулуп катышууга мажбурлансам, анан бир адам мени кылыч менен чапса, же бир жебе келип мени өлтүрүп койсочу? - деп сурады. Пайгамбар: ал өзүнүн жана өлтүргөн адамынын күнөөсү менен кайтат жана кыямат күнү тозок ээлеринен болот.
Адамдарды фитнадан эскертүү, алардын ага даярдануусу, ага аралашпоосу жана анын жамандыгынан кутулууну, сабырдуулукту Аллахтан тилөөлөрү үчүн фитналардын болуусу тууралуу кабар берилди.
Имам ан-Навави мынтип айтат: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анда (фитнада) олтурган адам турган адамдан жакшыраак...» деп аягына чейин айткан сөзүнүн мааниси – анын коркунучунун өтө чоң экенин баяндоо, андан оолак болууга жана андан качууга үндөө. Ошондой эле, анын жамандыгы менен фитнасы адамдын ага канчалык аралашканына жараша болот.
Имам ан-Навави айтат: Ал жерде болууга мажбурланган адамдан күнөө алынат. Ал эми адам өлтүрүү мажбурлоо менен мубах болуп калбайт. Тескерисинче, мажбурланган адам өзүнө буйрулган ишти аткарганы үчүн аалымдардын бир ооздон пикири (ижма) боюнча күнөөкөр болот.
Ибн Хажар айтат: Башкалар мындай дешкен: Эгерде бир тайпа башчыга каршы козголоң чыгарып, аткарышы керек болгон милдеттеринен баш тартса жана согуш ачса, анда аларга каршы согушуу керек. Ошондой эле, эгерде эки топ бири-бири менен согушуп калса, ар бир чамасы жеткен адамга ката кетиргенин тыюу жана туура кылганына жардам берүү милдет болот. Бул – көпчүлүк аалымдардын сөзү. Ал эми башкалары муну чечмелеп, мындай дешкен: Эгерде жамааттын башчысы жок болсо, анда мусулмандардын эки тобунун ортосунда чыккан ар кандай согушка ал учурда тыюу салынат. Ушул жана башка бөлүмдөрдө келген хадистерде дал ушул маани айтылып жатат.
Имам ан-Навави айтты: Аалымдар фитна учурундагы согуш боюнча кайчы пикирде болушкан. Бир тайпа мындай деген: Мусулмандардын фитналарында согушууга болбойт. Эгер алар анын үйүнө кирип келип, аны өлтүрүүнү каалашса да, өзүн коргоого уруксат берилбейт, анткени өлтүрүүнү каалаган адам кандайдыр бир жүйөгө таянып жатат. Бул сахаба Абу Бакранын (Аллах андан ыраазы болсун) жана башкалардын мазхабы. Ал эми Ибн Умар жана Имран ибн Хусайн (Аллах алардан ыраазы болсун) жана башкалар мындай дешкен: Фитнага аралашпоо керек, бирок ага кол салынса, өзүн коргойт. Бул эки мазхаб тең Исламдагы бардык фитналарга аралашпоо керек дегенге бирдей көз карашта. Ал эми сахабалардын, табииндердин көпчүлүгү жана жалпы Ислам аалымдары мындай дешкен: Фитна учурунда чындык тараптагыларга жардам берүү жана алар менен бирге чектен чыккандарга каршы согушуу важиб (милдет). Аллах Таала айткандай: «...силер зулум кылганына каршы, Аллахтын буйругуна кайтканга чейин согушкула!...» (аят). Ушунусу туура. Ал эми хадистерден максат, чындык ким тарапта экени билинбеген тайпаларга, же болбосо биринин да жүйөсү жок эки заалым тайпага тиешелүү.
Сахих Муслим (4/ 2212) (2887).
Дагы (2)
النهاية في غريب الحديث والأثر (91).
شرح سنن أبي داود للعباد (478/ 3).