Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

«Рукия, тумарлар жана тивала ширк».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, Аллах сенин себебиң менен бир адам туура жолго салса, бул сага кызыл төөлөргө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)