Ким аңчылык же мал кайтаруучу иттен башка ит бакса, анын амалынан күн сайын эки кыйрат кемип турат.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالأطعمة والأشربةالصيد
Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Ким аңчылык же мал кайтаруучу иттен башка ит бакса, анын амалынан күн сайын эки кыйрат кемип турат». Салим айтты: "Абу Хурайра: «Же эгин кайтаруучу ит», - деп айтчу, ал өзү дыйкан болгон."
«مَنِ اقْتَنَى كَلْبًا إِلَّا كَلْبَ ضَارٍ أَوْ مَاشِيَةٍ نَقَصَ مِنْ عَمَلِهِ كُلَّ يَوْمٍ قِيرَاطَانِ»، قَالَ سَالِمٌ: وَكَانَ أَبُو هُرَيْرَةَ يَقُولُ: «أَوْ كَلْبَ حَرْثٍ»، وَكَانَ صَاحِبَ حَرْثٍ.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аңчылык же мал-жандыкты жана эгинди кайтаруу муктаждыгынан башка максатта ит багуудан эскертти. Кимде-ким аны мындан башка максатта бакса, анын амалдарынын сообунан күн сайын эки кыйрат кемип турат. Бул өлчөм Аллах Таалага гана маалым.
Уруксат берилген учурлардан тышкары, мусулман адамга ит багууга тыюу салынат.
Ит багууга тыюу салынды; анткени анда көптөгөн зыяндар жана жамандыктар бар, Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ит бар үйгө периштелердин кирбестиги туралуу хадис келген. Ошондой эле анда суу жана топурак менен кайра-кайра жуумайынча кетпей турган оор нажасат бар.
Сахих ал-Бухари (7/ 87) (5480).
Сахих Муслим (3/ 1202) (1574).
Сахих ал-Бухари (7/ 87) (5480).
Сахих Муслим (3/ 1202) (1574).
Дагы (4)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص720).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص720).