Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ар бир отуз уйдан бирден эркек же ургаачы торпок алууну буйруду.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالزكاةزكاة بهيمة الأنعام
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ага уйлардан: ар бир отуз баштан бир табиъ же табиъаны (бир жашар эркек же ургаачы торпокту), ар бир кырк баштан бир мусиннаны (эки жашар кунаажын же букачар), ал эми ар бир балакат жаш курагына жеткен адамдан бир динар же ага барабар маафирди (Йеменде жасалуучу кийимди) алууну буйруду.
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَمَّا وَجَّهَهُ إِلَى الْيَمَنِ أَمَرَهُ أَنْ يَأْخُذَ مِنَ الْبَقَرِ مِنْ كُلِّ ثَلَاثِينَ تَبِيعًا أَوْ تَبِيعَةً، وَمِنْ كُلِّ أَرْبَعِينَ مُسِنَّةً، وَمِنْ كُلِّ حَالِمٍ -يَعْنِي مُحْتَلِمًا- دِينَارًا أَوْ عَدْلَهُ مِنَ المَعَافِرِ، ثِيَابٌ تَكُونُ بِالْيَمَنِ.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаз ибн Жабалды (ага Аллах ыраазы болсун) адамдарга динди үйрөтүү жана аларга даават кылуу үчүн Йеменге жиберген. Ага буюрган иштеринин бири – мусулмандардын уйларынан зекет алуусу болгон: ар бир отуз уйдан бир жашка толгон эркек торпок (табиъ) же ургаачы торпок (табиъа) алуу. Ар бир кырк уйдан (мусинна) эки жашка толгон бир уй алуу. Ошондой эле, китеп ээлери болгон жөөттөр менен христиандардын ар бир бойго жеткен эркегинен "жизя" салыгы катары бир динар, же бир динарга барабар болгон «маафири» деп аталган Йемен кийимдерин алуусу.
Жизя салыгы бойго жеткендерден гана алынат. Анткени, жизя алынбай турган адамды аныктоочу эреже – ал туткунга түшкөндө өлтүрүүгө болбой турган жаш балдар, аялдар жана башка ушул сыяктуулар.
Жизя салыгынын өлчөмүн белгилөө имамдын ижтихад-оюна тапшырылат. Анткени ал жердин жана мезгилдин, байлыктын жана кедейликтин айырмачылыгына жараша өзгөрүп турат. Буга далил – Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Йемен элине анын өлчөмүн белгилегенде Муазга: "Ар бир бойго жеткен адамдан бир динардан ал", – деп айткандыгы. Ал эми Умар (ага Аллах ыраазы болсун) Шам элине жизя салыгын белгилегенде, анын өлчөмү көбөйгөн.
Зекет жыйноого кам көрүү жана аны жыйнай тургандарды дайындоо — башчынын милдеттеринен.
Таби: толук бир жыл болуп экинчи жылга өткөн торпок. Ал дагы эле энесин ээрчип жүргөндүктөн таби - эрчүүчү деп аталган.
Динар: алтын акча, ал эми Ислам динары: анын салмагы төрт бүтүн жүздөн жыйырма беш грамм алтын (4,25 гр.).
Сунан Абу Дауд (3/ 26) (1576).
Сунан ат-Тирмизи (2/ 13) (623).
Сунан ан-Насааи (5/ 25) (2450 - 2451).
Сунан Ибн Маажа (3/ 22) (1803).
Сунан Абу Дауд (3/ 26) (1576).
Сунан ат-Тирмизи (2/ 13) (623).
Сунан ан-Насааи (5/ 25) (2450 - 2451).
Сунан Ибн Маажа (3/ 22) (1803).
Дагы (12)
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (3/ 35).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (3/ 297).
سبل السلام.
للصنعاني (1/ 517 ).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (3/ 35).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (3/ 297).
سبل السلام.
للصنعاني (1/ 517 ).