Чындыгында, мен бир сөздү билем, эгерде ал ошону айтса, анда ал сезип жаткан нерсеси андан кетер эле. Эгерде ал: «Аьузу биллаахи минаш-шайтоон», — деп айтса, ал сезип жаткан нерсе андан кетет.
Сулайман ибн Сурад (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
"Мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурган элем. Ал кезде эки киши бири-бирин тилдеп жатышкан эле. Алардын биринин жүзү кызарып, моюн тамырлары көөп чыкты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, мен бир сөздү билем, эгерде ал ошону айтса, анда ал сезип жаткан нерсеси андан кетер эле. Эгерде ал: «Аьузу биллаахи минаш-шайтоон», — деп айтса, ал сезип жаткан нерсе андан кетет». Ошондо алар (тегерегиндеги адамдар) ага: "Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени шайтандын азгырыгынан Аллахтан коргоо сурасын деп жатат" — дешти. Ошондо ал: "Эмне мага жин тийиптирби?!" — деп берди."
كُنْتُ جَالِسًا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَرَجُلاَنِ يَسْتَبَّانِ، فَأَحَدُهُمَا احْمَرَّ وَجْهُهُ، وَانْتَفَخَتْ أَوْدَاجُهُ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنِّي لَأَعْلَمُ كَلِمَةً لَوْ قَالَهَا ذَهَبَ عَنْهُ مَا يَجِدُ، لَوْ قَالَ: أَعُوذُ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ، ذَهَبَ عَنْهُ مَا يَجِدُ» فَقَالُوا لَهُ: إِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «تَعَوَّذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ»، فَقَالَ: وَهَلْ بِي جُنُونٌ؟
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдында эки киши бири-бирин сөгүп, тилдешти. Алардын биринин жүзү кызарып, мойнундагы тамырлары көөп чыкты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, мен бир сөздү билем, эгер бул ачууланган адам аны айтса, анын ачуусу таркап кетмек. Эгер ал:«Аъуузу биллаахи минаш-шайтоонир-рожиим», — деп айтканда (ачуусу басылмак), — деди. Алар (тегерегиндеги адамдар) ага: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):«Шайтандын азгырыгынан Аллахтан коргоо тиле», — деп жатат" — дешти. Ал: «Эмне мен жинди белем?!» – деди. Ал шайтандан тек гана жинди болгон (жин тийген) адам гана коргоо сурайт деп ойлогон эле.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) себеби келип чыккан учурда туура жол көрсөтүүгө жана багыт берүүгө умтулган.
Ачуулануу – шайтандан.
Ачууланган кезде каргышка калган шайтандан Аллахка сыйынып, коргоо суроого буйрулат. Аллах Таала айтты: "(Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура!..) аят."
Сөгүнүүдөн жана ага окшогон наалат айтуудан сактануу жана алардан оолак болууга үндөө; анткени алар адамдардын ортосунда бузукулукка (жамандыкка) алып келет.
Насаатты укпай калган адамдарга, андагы пайдалуу нерселерден ал дагы пайдалансын деп, аны жеткирүү.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачуулануудан тыйып, эскерткен. Анткени ал жамандыкка жана ойлонбой иш кылууга түртөт. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын тыюулары бузулганда гана ачууланчу жана бул мактоого татыктуу ачуулануу.
Имам Навави анын: «Эмне мага жин тийиптирби?!» – деген сөзү тууралуу мындай деген: "Бул сөздү айткан адамдын мунафыктардан же орой көчмөн арабдардан болушу ыктымал".
Сахих ал-Бухари (4/ 124) (3282).
Сахих Муслим (4/ 2015) (2610).
Дагы (8)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 110).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص50).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 270).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 78).