Skip to content

Оо, Айша! Чындыгында, Аллах таала - Жумшак, жумшактыкты жакшы көрөт. Оройлук жана жумшактыктан башкага бербеген нерсени (сооп-сыйды) жумшактыкка гана берет.

Момундардын энеси, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:

«Оо, Айша! Чындыгында, Аллах таала - Жумшак, жумшактыкты жакшы көрөт. Оройлук жана жумшактыктан башкага бербеген нерсени (сооп-сыйды) жумшактыкка гана берет».

«يَا عَائِشَةُ إِنَّ اللهَ رَفِيقٌ يُحِبُّ الرِّفْقَ، وَيُعْطِي عَلَى الرِّفْقِ مَا لَا يُعْطِي عَلَى الْعُنْفِ، وَمَا لَا يُعْطِي عَلَى مَا سِوَاهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) момундардын энеси Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) жумшактыкка үндөгөн. Чынында Аллах Жумшак, пенделерине Мээримдүү, аларга жеңилдикти каалап, оордукту каалабайт, ошондуктан аларды күч-кудурети жетпеген нерсеге буйрубайт. Ал Өз пендесинин мүнөзү жумшак жана иштерде жеңилдикке кармануучу болуусун жакшы көрөт; андыктан ал таш боор жана орой болбошу керек. Аллах Таала жумшактык жана кичи пейилдик үчүн бул дүйнөдө кооз мактоону, максаттарга жетүүнү жана муктаждыктардын оңой бүтүүсүн, ал эми акыретте болсо көп эбегейсиз сооп-сыйлыгын берет. Жумшактык үчүн таш боордукка, катуулукка жана оройлукка бергенине караганда, алда канча көп берет. Анткени, жумшактык менен бирге башка эч бир нерсе менен келбей турган (жакшылыктар) келет.

Хадистин пайдалары

Жылуу-жумшак болууга үндөө жана оройлуктан кайтаруу.

Жумшактыктын асыл адеп-ахлактардын арасындагы бийик орду.

Жумшак мүнөздүү пенде Аллах Тааладан мактоого жана мол сооп-сыйлыкка татыктуу.

Ас-Синдий айтты: Оройлук - жумшактыктын карама-каршысы. Башкача айтканда, эгерде жагдай экөөнү тең кабыл ала турган болсо, адамдарды туура жолго жылуу-жумшак чакырган адам, катуу, орой чакырган адамга караганда жакшыраак. Андай болбосо, жагдай кайсынысын кабыл алса, ошонусу милдеттүү болот. Абалдын акыйкатын Аллах жакшыраак билет.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2003) (2593).

Сахих Муслим (4/ 2003) (2593).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 683).

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

للنووي (16/ 145).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 683).

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

للنووي (16/ 145).