Skip to content

Аллах жолунда бир күн чек ара кайтаруу дүйнө жана андагы нерселердин баарынан артык.

Сахл ибн Саад ас-Сааиди (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

"Аллах жолунда бир күн чек ара кайтаруу дүйнө жана андагы нерселердин баарынан артык. Силердин бириңердин Бейиштеги камчысынын ордундай жер, дүйнө жана андагы нерселердин баарынан артык. Пенденин Аллах жолунда эртең менен же кечинде чыкканы дүйнө жана андагы нерселердин баарынан артык."

«رِبَاطُ يَوْمٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ خَيْرٌ مِنَ الدُّنْيَا وَمَا عَلَيْهَا، وَمَوْضِعُ سَوْطِ أَحَدِكُمْ مِنَ الجَنَّةِ خَيْرٌ مِنَ الدُّنْيَا وَمَا عَلَيْهَا، وَالرَّوْحَةُ يَرُوحُهَا العَبْدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوِ الغَدْوَةُ خَيْرٌ مِنَ الدُّنْيَا وَمَا عَلَيْهَا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды каапырлардан кайтаруу үчүн алардын ортосундагы жерде Аллах үчүн ыклас менен бир күн болуу дүйнө жана андагы нерселерден жакшы экенин, Аллах жолунда жихад кылууда колдонулган камчынын Бейиштеги орду дүйнө жана андагы нерселерден жакшы экенин, ошондой эле Аллах жолунда күндүн башынан түшкө чейинки убакытта, же түштөн түнгө чейинки убакытта бир жолу жолго чыгуунун сооп-сыйлыгы дүйнө жана андагы нерселерден жакшы экенин кабарлады.

Хадистин пайдалары

Аллах жолунда чек араны кайтаруунун пазилети, анткени анда өз жанын тобокелге салуу, Аллахтын сөзүн көтөрүү жана Анын динине жардам берүү бар. Ошондуктан анын бир күндүк сообу дүйнө жана андагы бардык нерселерден жакшыраак.

Акыретке салыштырмалуу дүйнөнүн барксыздыгы. Анткени Бейиштеги камчынын орду дүйнөдөн жана андагы бардык нерселерден жакшыраак.

Аллах жолунда казатка чыгуунун пазилети жана анын сообунун улуулугу. Анткени эртең менен же кечинде бир жолу казатка чыгуунун сообу бул дүйнөдөн жана андагы нерселерден жакшыраак.

"Аллах жолунда" деген сөздө ыкластын маанилүүлүгүнө жана сооптун ага байланыштуу болоруна далил бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 35) (2892).

Сахих Муслим (3/ 1500) (1881).

Сахих ал-Бухари (4/ 35) (2892).

Сахих Муслим (3/ 1500) (1881).

Дагы (4)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص739).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص739).