Чындыгында, (башкаларга) каргыш айткандар кыямат күнү күбө да, шапаатчы да боло алышпайт.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الذميمة
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
«Чындыгында, (башкаларга) каргыш айткандар кыямат күнү күбө да, шапаатчы да боло алышпайт».
«إِنَّ اللَّعَّانِينَ لَا يَكُونُونَ شُهَدَاءَ وَلَا شُفَعَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким татыксыз адамга көп каргыш айтса, анда ал эки жазага татыктуу экенин билдирген: Биринчиси: ал адам кыямат күнү пайгамбарлардын өз үммөттөрүнө динди жеткиргендигине күбө боло албайт. Ошондой эле, кылган күнөөлөрү себептүү бул дүйнөдө да анын күбөлүгү кабыл алынбайт жана ага Аллах жолунда курман болуу (шейиттик) насип кылбайт. Экинчиси: кыямат күнү момундар тозок отуна татыктуу болуп калган (күнөөкөр) диндеш бир туугандарына шапаат кылган учурда, ал адам шапаат кылуу укугунан ажыратылат (башкаларга шапаатчы боло албайт).
(Башкаларга) наалат айтууга (каргоого) тыюу салынат, ал эми аны көп айтуу — чоң күнөөлөрдүн катарына кирет.
Хадисте айтылган бул жаза (каргышты) бир жолу же ага окшош кээ бир учурларда эле аз айткандарга эмес, аны адат кылып, көп айткан адамдарга гана тиешелүү. Ошондой эле, бул тыюуга шариятта уруксат берилген каргыштар кирбейт. Ал уруксат берилген каргыш — тигил же бул инсанды атынан атап жекелебестен, жаман сыпаттарга ээ болгон топторго жалпылай айтылган каргыштар болуп саналат. Мисалы: «Жөөттөр менен христиандарга Аллахтын каргышы болсун», «Заалымдарга Аллахтын каргышы болсун», «Сүрөт тартуучуларга (жандуунун сүрөтүн чийгендерге) Аллахтын каргышы болсун», «Лут коомунун ишин (кумсалыкты) жасагандарга Аллахтын каргышы болсун», «Аллахтан башкага арнап мал сойгондорго Аллахтын каргышы болсун», «Аялдарга окшошкон эркектерге жана эркектерге окшошкон аялдарга Аллахтын каргышы болсун» жана ушул сыяктуулар.
Кыямат күнү момундардын шапаатын тастыктоо.
Сахих Муслим (4/ 2006) (2598).
Сахих Муслим (4/ 2006) (2598).
Дагы (12)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 469).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 297).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 412).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 469).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 297).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 412).