Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн кайтканда дирхам да, динар да, кул да, күң да, эч нерсе калтырбады. Болгону, буурул качыры, курал-жарагы жана садага кылган жер үлүшү калды.

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайниси, ыймандуулардын энеси Жувайрия бинт Харистин бир тууганы Амр бин Харис (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каза болгондо дирхам да, динар да, кул да, күң да, эч нерсе калтырбады. Болгону буурул качыры, куралы жана садага кылган жер үлүшү калды.

مَا تَرَكَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عِنْدَ مَوْتِهِ دِرْهَمًا وَلاَ دِينَارًا وَلاَ عَبْدًا وَلاَ أَمَةً وَلاَ شَيْئًا، إِلَّا بَغْلَتَهُ البَيْضَاءَ، وَسِلاَحَهُ، وَأَرْضًا جَعَلَهَا صَدَقَةً.

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндө, ал күмүш дирхам да, алтын динар да, кул да, күң да, кой да, төө да, эч кандай байлык калтырбады. Болгону минип жүргөн буурул качыры, көтөрүп жүргөн куралы жана саламат кезинде мусапырларга вакф кылган жер үлүшү калды.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарлар мал-дүйнө мурас калтырышпайт.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүмүнөн кийин эмнени калтырып кеткендигин баяндоо.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнөдөн өттү жана өзүнүн жоомарттыгынан, кайрымдуулугунан жана жакшылыгынан улам баалуу эч нерсе калтырбады.

Кирмани мындай деген: "Анын (وجعلها) деген сөзүндөгү көптүктү билдирген ат атооч үч нерсеге, башкача айтканда: качырга, куралга жана жерге карата айтылган, бир гана жерге эмес".

"Хатан": Аялынын ага-иниси, кайниси же кайнагасы деген маанидеги сөз. Ал эми "ахтан" аял тараптагы жакындар, б.а. кайын журт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 2) (2739).

Сахих ал-Бухари (4/ 2) (2739).

Дагы (6)

النهاية في غريب الحديث والأثر (254).

فتح الباري لابن حجر (5/ 360).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (14/ 31).

النهاية في غريب الحديث والأثر (254).

فتح الباري لابن حجر (5/ 360).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (14/ 31).