Чынында, силердин эң такыбаңар жана Аллахты эң жакшы билгениңер – менмин.
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) аларга буйрук бергенде, алардын чама-чаркы жете турган иштерди гана буйруйт эле. Алар: "О Аллахтын Элчиси! Биз сизге окшош эмеспиз. Чынында, Аллах сиздин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңүздү кечирген", - дешти. Ошондо ал жүзүнөн ачууланганы билинип ачууланып, анан мындай деди: «Чынында, араңардан Аллахтан эң көп коркконуңар жана Аллахты эң жакшы билгениңер – менмин».
كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا أَمَرَهُمْ أَمَرَهُمْ مِنَ الأَعْمَالِ بِمَا يُطِيقُونَ، قَالُوا: إِنَّا لَسْنَا كَهَيْئَتِكَ يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّ اللَّهَ قَدْ غَفَرَ لَكَ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ، فَيَغْضَبُ حَتَّى يُعْرَفَ الغَضَبُ فِي وَجْهِهِ، ثُمَّ يَقُولُ: «إِنَّ أَتْقَاكُمْ وَأَعْلَمَكُمْ بِاللَّهِ أَنَا».
Момундардын энеси Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) кабардайт: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга кайсы бир амалды буйруганда, аны дайыма токтотпой улантып аткара албай калууларынан коркуп, аларга оор келтирбей, жеңил, оңой болгонун буйруйт эле. Өзү да аларга буйруган ушул жеңилдикке жараша амал кылган. Бирок алар, пайгамбардан айырмаланып, даражаларын көтөрүү үчүн амалда аша чабууга муктажбыз деп ишенишкендиктен, өздөрүнө оор ишти милдет кылуусун суранышкан. Алар: «О Аллахтын элчиси! Биздин абалыбыз сенин абалыңдай эмес. Анткени Аллах сенин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңдү кечирген» – дешти. Ошондо ал ачууланып, ачуусу жүзүнөн билинип: «Чынында, силердин араңардан эң такыбаңар жана Аллахты эң жакшы билгениңер – менмин. Ошондуктан мен силерге буйруган нерсени аткаргыла» – деди.
Ибн Хажар минтип айткан: Аны дайым аткарып жүрүүлөрү үчүн, аларга аткарууга жеңил болгон нерселерди гана буюрду. Башка бир хадисте минтип айткандай: "Аллахка эң сүйүктүү амал – анын дайым аткарылып турганы".
Жакшы адам өзүнүн такыбалыгына таянып, иш-амалдарды аткаруудагы аракетин таштабоосу керек.
Мактануудан жана текеберленүүдөн аман болгондо, муктаждыкка жараша өзүндөгү артыкчылык тууралуу айтууга болот.
Ибадат кылууда эң абзели – таштап салууга алып баруучу аша чабуу эмес, орточо болуу жана туруктуулук.
Ибн Хажар минтип айткан: Пенде ибадаттын жана анын натыйжаларынын эң жогорку чегине жеткенде, бул абал берилген жакшылыкты сактап калуу жана ага шүгүр кылуу аркылуу аны дагы көбөйтүү үчүн, аны ибадатты дайыма аткарып жүрүүгө көбүрөөк үндөйт.
Шарияттын буйругуна каршы иш кылынып жатканда ачууланууга уруксат берилет. Ошондой эле, маанини түшүнүүгө жөндөмдүү зээндүү адам түшүнүүдө кемчилдик кетирсе, аны сергек болууга үндөө максатында мындан кайтаруу керек.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө болгон боорукердиги, диндин жеңил экендиги жана шарияттын туура жана кечиримдүү экендиги.
Сахабалар ибадатка өтө дилгир болуп, жакшылык иштерин арттырууга умтулушкан.
Шарият белгилеген жана руксат чектеринде токтоо, ошондой эле шариятка туура келген жеңилирээгин кармануу шариятка каршы болгон машакаттуусуна караганда абзел.
Сахих ал-Бухари (1/ 13) (20).
Сахих ал-Бухари (1/ 13) (20).
Дагы (4)
شرح صحيح البخاري لابن بطال (73/1).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (1/ 166).
شرح صحيح البخاري لابن بطال (73/1).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (1/ 166).