Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга - окшошко-окшош, теңме-тең, колмо-кол алмаштыргыла. Эгер бул түрлөр ар башка болсо, бирок колмо-кол болсо, каалаганыңардай соода кыла бергиле.
Убада ибн Сомит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:
«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга - окшошко-окшош, теңме-тең, колмо-кол алмаштыргыла. Эгер бул түрлөр ар башка болсо, бирок колмо-кол болсо, каалаганыңардай соода кыла бергиле».
«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَدًا بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَافُ، فَبِيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ، إِذَا كَانَ يَدًا بِيَدٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүткорлукка тиешелүү алты түрдүү нерседе туура соода кылуунун жолун баяндады, алар: алтын, күмүш, буудай, арпа, курма жана туз. Эгерде алтынды алтынга жана күмүштү күмүшкө сатуу сыяктуу бир эле түрдөгү нерселер болсо... анда эки шарт табылуусу зарыл: Биринчиси: Эгерде алтын жана күмүш сыяктуу таразага тартыла турган нерсе болсо, салмагы бирдей болуусу. А эгерде буудай, арпа, курма жана туз сыяктуу өлчөнө турган нерсе болсо, өлчөмү бирдей болуусу. Экинчиси: Соода келишими түзүлгөн олтурушта сатуучунун акчаны, ал эми сатып алуучунун буюмду колго алуусу. Эгер бул нерселердин жынсы ар түрдүү болсо, мисалы алтынды күмүшкө, курманы буудайга сатуу сыяктуу, анда бир шарт менен соода кылууга болот, ал: сатуучу акчасын, ал эми сатып алуучу товарды келишим кылынган олтурушта кабыл кылып алуусу. Эгер андай болбосо, соода жараксыз болуп, арам деп эсептелген сүткорлукка түшүп калышат. Бул нерседе сатуучу да, сатып алуучу да барабар.
Сүткорлук боло турган нерселер жана аларда кантип туура соода кылуунун баяны.
Сүткорлук соодасынан тыюу.
Кагаз акчалардын өкүмү сүткорлуктун себебинде алтын менен күмүштүн өкүмүндөй.
Сүткорлукка (рибага) тиешелүү алты түрдүү нерсени сатуунун жана сатып алуунун абалдары бар: 1- Сүткорлукка тиешелүү нерсени өзүнүн эле жынсындагы нерсеге сатуу, мисалы алтынды алтынга жана курманы курмага... Анда сооданын жарактуу болуусу үчүн эки шарт табылуусу зарыл: салмагы же өлчөмү бирдей болуусу жана келишим болгон жерде эки тараптын колмо-кол, алыш-бериш кылуусу. 2- Сүткорлукка тиешелүү нерсени илдети (себеби) бирдей, бирок жынсы ар түрдүү нерсеге сатуу, мисалы алтынды күмүшкө жана буудайды арпага алмаштыруу сыяктуу. Бул учурда келишим болгон жерде колмо-кол, алыш-бериш болуусу шарт кылынат, ал эми өлчөмдөрүнүн бирдей болуусу шарт эмес. 3- Сүткорлукка тиешелүү нерсени илдети да, жынсы да ар түрдүү нерсеге сатуу. Анда келишим болгон жерде колмо-кол, алыш-беииш кылуу да, өлчөмдөрүнүн бирдей болуусу да шарт кылынбайт, мисалы алтынды курмага сатуу сыяктуу.
Сүткорлукка тиешеси жок нерселерди, же бири сүткорлукка тиешелүү, ал эми экинчиси тиешеси жок болгон нерселерди сатып алууда жана сатууда, бул үчүн колмо-кол, алыш-бериш кылуу да, бирдей өлчөмдө болуусу да шарт кылынбайт. Мисалы, кыймылсыз мүлктү алтынга сатуу сыяктуу.
Сахих Муслим (3/ 1210) (1587).
Дагы (2)
فيض القدير (3/ 571).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (27/ 623).
Китептерде келтирилген
7 КитептерДагы (7)
- مجموعة زاد الفقه (4)«الذَّهَبُ بالذَّهَبِ، والفِضَّةُ بالفِضَّةِ، والبُرُّ بالبُرِّ، والشَّعيرُ بالشَّعيرِ، والتَّمْرُ بالتَّمْرِ، والمِلْحُ بالمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَواءً بِسَواءٍ، يَدًا بيَدٍ، فَإِذا اخْتَلَفَتْ هذه الأَصْنافُ، فَبيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ،
- مجموعة زاد الفقه (4)«الذَّهَبُ بالذَّهَبِ، والفِضَّةُ بالفِضَّةِ، والبُرُّ بالبُرِّ، والشَّعيرُ بالشَّعيرِ، والتَّمْرُ بالتَّمْرِ، والمِلْحُ بالمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَواءً بِسَواءٍ، يَدًا بيَدٍ، فَإِذا اخْتَلَفَتْ هذه الأَصْنافُ، فَبيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ،
- مجموعة زاد الفقه (4)«فَإِذا اخْتَلَفَتْ هذه الأصناف، فَبيعُوا كيف شِئْتم إِذا كانَ يَدًا بيَدٍ»؛
- مشروع منهاج زادكزادك معلم 3« الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَدًا بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَا
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَدًا بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَاف
- مشروع منهاج زادكزادك 3 طالب نهائي«مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَدًا بِيَدٍ».
- نبراس طالب (4)1«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ، مِثْلًا بِمِثْلٍ، سَوَاءً بِسَوَاءٍ، يَدًا بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الْأَصْنَاف