Skip to content

Эгерде Аллахтан сурасаңар, анда Фирдаусту сурагыла.

Убада ибн Сомит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Бейиште жүз даража бар, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей. Фирдаус – анын эң жогорку даражасы, андан бейиштин төрт дарыясы агып чыгат жана анын үстүндө Арш болот. Эгерде Аллахтан сурасаңар, анда Фирдаусту сурагыла».

«فِي الجَنَّةِ مِائَةُ دَرَجَةٍ مَا بَيْنَ كُلِّ دَرَجَتَيْنِ كَمَا بَيْنَ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ، وَالْفِرْدَوْسُ أَعْلاَهَا دَرَجَةً وَمِنْهَا تُفَجَّرُ أَنْهَارُ الجَنَّةِ الأَرْبَعَةُ، وَمِنْ فَوْقِهَا يَكُونُ العَرْشُ، فَإِذَا سَأَلْتُمُ اللَّهَ فَسَلُوهُ الفِرْدَوْسَ».

Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акырет бейишинде жүз даража жана орун бар экенин кабарлады, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей. Бул бейиштердин эң бийиги Фирдаус бейиши, андан бейиштин төрт дарыясы агып чыгат жана Фирдаустун үстүндө Арш болот. Ошондуктан, Аллахтан сурасаңар Фирдаусту сурагыла, анткени ал бардык бейиштердин үстүндө.

Хадистин пайдалары

Бейиш ээлеринин ордулары алардын ыйманына жана жакшы амалдарына жараша ар түрдүү болот.

Аллахтан бейиштин эң жогоркусу болгон Фирдаусту суроого кызыктыруу.

Фирдаус - бейиштин эң жогоркусу жана эң жакшысы.

Мусулман пенденин максаты бийик болуп, Аллах Тааланын алдындагы даражалардын эң жогоркусун жана эң абзелин талап кылып, ага умтулуусу зарыл.

Бейиштин төрт дарыясы – бул Куранда Аллах Тааланын: «Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбаларга убада кылынган бейиштин мисалы: анда туруп калса да жыты жана даамы бузулбаган суу дарыялары бар, даамы өзгөрбөгөн сүт дарыялары бар, ичкендерге жагымдуу шарап дарыялары бар жана тап-таза бал дарыялары бар». (Мухаммад сүрөөсү, 15-аят) - деген сөзүндө эскерилген суу, сүт, шарап жана бал дарыялары.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (4/ 259) (2538).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 259) (2538).

Дагы (4)

الكاشف عن حقائق السنن (11/3565).

تحفة الأحوذي (7/ 207).

الكاشف عن حقائق السنن (11/3565).

تحفة الأحوذي (7/ 207).