Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

السَّجدة

السَّجدة is chapter 32 of the Quran and has 30 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

30 Аяттар Сүрөнүн номери 32
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓمٓ

Алиф, Лаам, Миим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

(Бул) китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок.

أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۚ بَلۡ هُوَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ

Же болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес. Кана эми, туура жолго түшүп калышса.

Explanation & meanings · 1
  1. Исмаил пайгамбардан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин Мекке арабтарына эскертүүчү-пайгамбар келбеген эле.

ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ مَا لَكُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا شَفِيعٍۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ

Аллах асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Силер үчүн Аллахтан башка колдоочу да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсиңерби?

Explanation & meanings · 1
  1. Ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).

يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ يَعۡرُجُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥٓ أَلۡفَ سَنَةٖ مِّمَّا تَعُدُّونَ

Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллах Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы, пенделердин иштери) Өзүнө көтөрүлөт.