Skip to content
البَقَرَة /

Аят 203

2 : 203

Аят 203 of البَقَرَة (2 : 203). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 203

۞ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ فِيٓ أَيَّامٖ مَّعۡدُودَٰتٖۚ فَمَن تَعَجَّلَ فِي يَوۡمَيۡنِ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِ وَمَن تَأَخَّرَ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِۖ لِمَنِ ٱتَّقَىٰۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ

Аллахты саналуу күндөрдө да эстегиле. Ким эки күндө шашылса – ага күнөө жок. Жана ким кечиктирсе – ага да күнөө жок. (Бул өкүмдөр) такыба кишилер үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле: бардыгыңар (Кыяматта өз ишиңерден эсеп берүү үчүн) Аллахтын алдында чогултуласыңар.

Explanation & meanings · 2
  1. Бул жерде “эсептелүү күндөр» дегенде Курбан майрамынан кийинки үч күнгө - Зул-хижжа айынын 11-12-13-күндөрүнө айтылат. Ал күндөрдө ажылар Мина өрөөнүндө болушуп, Аллахтын меймандары катары эсептелинет. Ошондуктан, пайгамбарыбыз: “Ташрик күндөрү жеп-ичүү жана Аллахты зикир кылуу күндөрү” деген. Шайтанга таш атуу (жамра) жана Курбандык кылуу мезгилиндеги зикирлер дагы “ташрик күндөрүнүн зикиринин курамына кирет.
  2. Ким Минадагы (курмандык, жамра, зикир сыяктуу) амалдарын экинчи күндүн кечине чейин аткарып, шашылыш түрдө кайтып кетүү үчүн Каабага түшүп кетсе – уруксат. Ал эми, ким Минада үчүнчү күндүн түнүндө да калып, зикир кылып, эртеси эрте менен жамаратка таш атканы барып, андан кийин кайтып түшсө – анда да күнөө жок.