عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
"Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالحياة الآخرةموضوعات الحديثالإيمان باليوم الآخرمحاور التعريف بالإسلامالحساب
"Мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурган элем. Ал кезде эки киши бири-бирин тилдеп жатышкан эле. Алардын биринин жүзү кызарып, моюн тамырлары көөп чыкты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, мен бир сөздү билем, эгерде ал ошону айтса, анда ал сезип жаткан нерсеси андан кетер эле. Эгерде ал: «Аьузу биллаахи минаш-шайтоон», — деп айтса, ал сезип жаткан нерсе андан кетет». Ошондо алар (тегерегиндеги адамдар) ага: "Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени шайтандын азгырыгынан Аллахтан коргоо сурасын деп жатат" — дешти. Ошондо ал: "Эмне мага жин тийиптирби?!" — деп берди."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، الأذكار للأمور العارضة
«Кайсы бир жамаат бир жерге чогулуп отурганда Аллахты зикир кылбай жана Пайгамбарга салават айтпай тараса, бул алар үчүн Аллах тарабынан бир өкүнүч (зыян) болот. Андан соң Аллах кааласа аларды азаптайт, кааласа кечирет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи Кубра китебинде риваят кылган
التصنيف الشرعيالأذكار المطلقة
«Аалымдын ибадаткөй адамдан артыкчылыгы - менин араңардагы эң төмөнкү адамдан артыкчылыгым сыяктуу». Андан кийин Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адамдарга жакшылыкты үйрөткөн адамга Аллах Таала, Анын периштелери, асман-жердегинин баары, атүгүл, ийининдеги кумурска жана деңиздеги балыктар да жакшылык тилеп дуба кылышат».
Хасан ли-гойрихи (башка бир жолдордун эсебинен хасан даражасына көтөрүлгөн хадис). Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل العلم
"Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام التشبه، آداب الأكل والشربموضوعات الحديثالتشبه بالكفار، آداب الأكل والشرب
"Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام خطبة وصلاة الجمعةموضوعات الحديثالإعراض عن اللغو، صلاة الجمعة
«Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، تربية الأولاد، الإيمان بالقضاء والقدر، توحيد الألوهيةموضوعات الحديثالدعاء، حقوق الأولاد، الإيمان بالقدر خيره وشره، التوكل، التقوىمحاور التعريف بالإسلاموجوب إفراد الله بالعبادة
«Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة، صدقة التطوعموضوعات الحديثالتواضع، العفو عن الناس، صدقة التطوعمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق