Аалымдын ибадаткөй адамдан артыкчылыгы - менин араңардагы эң төмөнкү адамдан артыкчылыгым сыяктуу.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفضل العلم
Абу Умама Баахилий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки киши жөнүндө эскерилди, алардын бири ибадаткөй, ал эми экинчиси аалым. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:
«Аалымдын ибадаткөй адамдан артыкчылыгы - менин араңардагы эң төмөнкү адамдан артыкчылыгым сыяктуу». Андан кийин Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адамдарга жакшылыкты үйрөткөн адамга Аллах Таала, Анын периштелери, асман-жердегинин баары, атүгүл, ийининдеги кумурска жана деңиздеги балыктар да жакшылык тилеп дуба кылышат».
«فَضْلُ العَالِمِ عَلَى العَابِدِ كَفَضْلِي عَلَى أَدْنَاكُمْ»، ثُمَّ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ اللَّهَ وَمَلاَئِكَتَهُ وَأَهْلَ السَّمَوَاتِ وَالأَرَضِينَ حَتَّى النَّمْلَةَ فِي جُحْرِهَا وَحَتَّى الحُوتَ لَيُصَلُّونَ عَلَى مُعَلِّمِ النَّاسِ الخَيْرَ».
Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки адам тууралуу айтылды: алардын бири ибадаткөй, ал эми экинчиси аалым. Алардын кайсынысы абзел? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Шарият илимдерин билген, ага амал кылган жана аны үйрөткөн аалымдын, өзүнө милдеттүү болгон илимди билүүсү менен бирге ибадатка гана берилген ибадаткөй адамдан артыкчылыгы - Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалардын эң төмөнкүсүнөн артыкчылыгы жана даражасы сыяктуу. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мунун себебин мындайча түшүндүрдү: Чындыгында, Аллах Таала, Анын Аршты көтөрүүчү периштелери, асмандардагы башка бардык периштелер, жердеги жиндер менен инсандар жана бардык айбанаттар, ал тургай жер астындагы уюгундагы кумурска да, деңиздеги кит менен балыктар да (бул кургактыктагы жана деңиздеги бардык жандыктарды камтыйт) – ушулардын бардыгы адамдарга кутулуу жана ийгилик алып келген дин илимдерин үйрөткөн адамга жакшылык тилеп дуба кылышат.
Кызыктыруу жана мисал келтирүү - булар, Аллахка даават кылуунун услуб-ыкмаларынан.
Илим үйрөнгөн жана амал кылуу, даават кылуу менен анын акысын өтөгөн аалымдардын улуу кадыр-баркы.
Аалымдарды жана илим үйрөнүүчүлөрдү урматтоого жана аларга дуба кылууга үндөө.
Элдерге жакшылыкты үйрөтүүгө үндөө; анткени, ал алардын тозоктон кутулуусунун жана бактылуулугунун себеби.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 416) (2685).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 416) (2685).
Дагы (24)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 481).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (1/ 298).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (4/ 432).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 469).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص758).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 954).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 481).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (1/ 298).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (4/ 432).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 469).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص758).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 954).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 6«فضلُ العالم علىٰ العَابدِ كفضلِي علىٰ أدْنَاكم»،
- مشروع المنهج التعليميمادة الدعوة«إِنَّ اللهَ وَمَلَائِكَتَهُ وَأَهْلَ السَّمَوَاتِ وَالأَرَضِينَ حَتَّى النَّمْلَةَ فِي جُحْرِهَا وَحَتَّى الحُوتَ لَيُصَلُّونَ عَلَى مُعَلِّمِ النَّاسِ الخَيْرَ»
- مشروع المنهج التعليميمادة الدعوة«إِنَّ اللهَ وَمَلَائِكَتَهُ وَأَهْلَ السَّمَوَاتِ وَالأَرَضِينَ حَتَّى النَّمْلَةَ فِي جُحْرِهَا وَحَتَّى الحُوتَ لَيُصَلُّونَ عَلَى مُعَلِّمِ النَّاسِ الخَيْرَ».